Кен ишканасында бир нече объект ишке ийгиликтүү берилди

Кен ишканасында бир нече объект ишке ийгиликтүү берилди

Жарыяланган: 22 May 2014

“Кумтөр” кен ишканасында жаңы материалдык-техникалык жабдуу склады, подстанция жана жогорку вольттуу электр берүү линиялары эксплуатацияга берилди.

Жаңы объектилердин курулушу уруксат берүүлөрдүн негизинде жүзөгө ашырылууда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык гана жүргүзүлүүдө. Склад, подстанция жана жалпы узундугу 8,48 км. электр берүү линиясы бекитилген долбоордук документацияга ылайык курулган, ал тиешелүү маморгандардан макулдашуудан жана экспертизадан өткөн. Мыйзамдардын нормаларына жана жоболоруна ылайык, курулуш процессине автордук, техникалык жана мамлекеттик көзөмөлдөр жүргүзүлгөн.
Эске сала кетсек, инфраструктуранын айрым объектилерин орун которуштуруу кен ишканасында тоо-кен иштеринин көлөмүнүн көбөйүүсү жана мурда пландаштырылган өндүрүштүк иш-чаралар менен байланышкан.
Азыркы учурда турак-жай лагеринин, административдик корпустун, медициналык пункттун, отун кампасынын, мастерскаялардын ж.б. объектилердин долбоордук документациялары иштелип чыгууда.