«Кумтөр Голд Компани» Ысык-Көл областынын Тоң районуна жаңы бульдозер тартуулады

«Кумтөр Голд Компани» Ысык-Көл областынын Тоң районуна жаңы бульдозер тартуулады

Жарыяланган: 06 April 2020

2020-жылдын 6-апрелинде Ысык-Көл областынын Тоң райондук мамлекеттик администрациясына россиялык өндүрүштөгү жаңы бульдозерди тапшыруу салатанаты болду. Оор техниканы сатып алуу «Кумтөр Голд Компани» аймактар менен кызматташуу программасынын алкагында ишке ашты. Бульдозерди сатып алууга компания өз бюджетинен 9 миллион сомго жакын акча бөлгөн.

Бул бульдозер Тоң районундагы жайыттарды калыбына келтирүү жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу үчүн пайдаланылат.

Бульдозердин спецификациясы Тоң районунун жол-эксплуатациялык бөлүмү тарабынан тандалып, райондун мамлекеттик администрациясы менен макулдашылган. Бульдозер «Тоң районун Өнүктүрүү агенттиги» муниципалдык биргелешкен ишканасынын балансында болот, ал андан ары техниканы толук камсыздоо (күйүүчү май, оңдоо, тетиктер, операторлордун эмгек акысы ж.б.) үчүн жоопкерчиликти өзүнө алат.

Ысык-Көл областынын Тоң районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Тимур Алымбеков: «Кумтөр» компаниясына ушундай керектүү белекти бергенине абдан ыраазыбыз. Бул райондун жашоочуларына чындап пайдалуу болот. Жайыттарды калыбына келтирүү жергиликтүү фермерлердин жана малчылардын алыскы жайыттарга жетүүсүн камсыздап, көлгө жакын жайгашкан жайыттардын бузулуусун алдын алат» – деп белгиледи.