“Тоо-кен өнөр жайындагы аялдар”: Назгуль Оскоева

“Тоо-кен өнөр жайындагы аялдар”: Назгуль Оскоева

Жарыяланган: 26 December 2019

Назгүл Оскоева: «Кеп сенин эркек же аял экениңде эмес, Адам экениңде. Бизде дайым тандоо бар, бирок ар бир аракетте өзүңдү кылган ишиңе ошол ишмердиктен пайда жана баалуулук болуусу үчүн чындап арноого тийишсиң, дайым өркүндөп, өнүгүп туруу зарыл, эмнеге жеткиң келип жатканын билип, эч убакта кетенчиктебеш керек».

“Тоо-кен өнөр жайындагы аялдар” эл аралык уюмунун материалдарынан. Автору Кэти Соул.
Назгүл Оскоева тоо-кен тармагына кокусунан келип калган, «Кумтор Голд Компани» («Центерра Голд Инк.») 21 жылдык ишинде Назгүл коопсуздук кызматы бөлүмүндө, окутуу бөлүмүндө жаңы келген карапайым кадр катары жолду басып, андан кийин алтын ылгоочу фабрикада администратор болуп иштеп, «Six Sigma» («Алты сигма») тастыктамасынан өтүп, көптөгөн операциялык процесстерди үйрөнгөн жана тоо бөлүмүнүн, техникалык тейлөө бөлүмүнүн, лагерь жана кен, үзгүлтүксүз өркүндөтүү жана тобокелдиктерди башкаруу программасынын алкагында геологиялык чалгындоо жана бургулоо-жардыруу иштери администрациясындагы кесиптештери менен долбоорлорунда эмгектенип, компаниянын дээрлик бардык өндүрүштүк бөлүмдөрүнүн ишмердиги менен таанышып, үйрөндү. 2018-жылдан бери ал жабдуулоо жана логистика боюнча менеджер кызматында иштеп жатат.

Тоо-кен тармагына кантип келип калдыңыз? Эмне үчүн так ушул карьераны тандап алдыңыз?
Студенттик жылдарда биз акча табалы деп Советтер Союзу кулагандан кийин өлкөгө келген канадалык компания үчүн тоо-кен өнөр жайындагы коопсуздук техникасы боюнча видео-презентацияларды которууну чечтик. Биз үчүн бул адаттан тыш жаңы нерсе эле, бул биздин биринчи иш тажрыйбабыз жана чет өлкөлүктөр менен баарлашуубуз эле. Негизинен биз өзгөчө деле жакшы пайда таба алган жокпуз, бирок бул менин тоо-кен ишканасынын чет өлкөлүк компаниясы менен биргеликте иштөөнүн алгачкы тажрыйбасы болду, ошондо мен батыш көндүмүндө иштеген компанияда иштейм деп чечтим.Адам бир нерсени чын ниеттен кааласа, айланасынын баары ошол каалоосун аткарууга өбөлгө түзө тургандай сезилет. Жогорку окуу жайды бүткөндөн кийин жумуш издеп жүргөндө кафеде официантка болуп иштедим жана орусча сүйлөбөгөн коноктор отурган столду тейлечүмүн: ошол учурда англис тилинде сүйлөгөн жылдыз болдум окшойт. Аларда котормочунун штаты бар экенин тактадым. Мен үч жолу аңгемелешүүдөн өтүп, өзүмдүн кесиптик жолумду тоо-кен тармагында баштадым, ошентип 21 жылга созулуп келатат. Башында менин ишим тоо өндүрүшүнө эч кандай байланышы жок болчу: Балыкчы шаарындагы коопсуздук кызматында жөн эле администратор болчумун.

Азыркы учурдагы кызматыңыз жөнүндө айтып берсеңиз.
Мен азыркы жабдуу жана логистика боюнча менеджер кызматында иштеп көрүү мүмкүнчүлүгүн берген коллегаларыма ыраазычылык билдирем. Бул кызматта бир жылдан ашык иштесем да мага бул кеңири ишмердик чөйрөсүндө дагы көп нерсени билүү керек. Эгер акыркы пайдалануучу катары 20 жылдык тажрыйбасы бар көз караштан алганда менин өткөн элестерге салыштырмалуу азыр менде бул жумуш тууралуу такыр башка элес пайда болду. Сатып алуулар туурасынан өндүрүштөн баштап керектөөчүнүн нормаларды сактоо жана товарларды түшүрүүгө чейин бардык ишканаларды жана тигинен алтын казуу процесстеринин деталдарынын зарылдыгына чейин камтыйт. Ошол эле учурда жабдуучулар менен акыркы пайдалануучулардын ортосундагы мамилени жөнгө салуу, келишпестиктерди түзөтүү үчүн жакшы психолог болуп, бардык тараптын каалоолорун жана муктаждыктарын эске алууга аракет кылуу керек. Биз өз ишмердигибизди каармандары өзүнүн каалоосун так аныктап, айткан кадимки жомоктогу алтын балык менен жиндин ишине салыштырабыз, бизде дагы акыркы пайдалануучулар жомоктогу каармандардай эле, бирок ар кандай болуп калат. Ошондуктан биздин максатыбыз – суроо-талапты түшүнүп, талап кылынган нерсени дүйнөнүн каалаган жеринде шайкеш баа жана сапатта издеп, анын жеткирүүнүн оптималдуу ыкмаларын уюштуруп, нормаларга ылайык келерине ынанып, анын болушун “чыкылдата” камсыздоо керек. Менин ролум бул процесс шыдыр ишке ашып, биздин бөлүмдүн өз ишине тартылган командасы дайым алдыга умтулуп, акыркы пайдалануучулар жана жооптуу болгон ишенимдүү жабдуучулар ыраазы болушу шарт.

Сиз – тоо-кен тармагында карьера кылган айымсыз. Бул тармактагы өз иш тажрыйбаңызды ушул көз караштан алганда кандай мүнөздөйсүз?
Мен ушундай ири масштабдуу өндүрүштүн бөлүгү болгонума сыймыктанам. Жалпысынын эркектер көп иштеген эмгек жамаатында жалгыз айым болгонума сыймыктанам. Жаңы милдеттерди жана мүмкүнчүлүктөрдү издеген командада болгонума кубанам. Өзүмдүн жетишкендиктерим менен сыймыктанам.
Тоо-кен өндүрүшүндөгү аялдардын тажрыйбасы жөнүндө суроого жооп берип жатып, тоо-кен өнөр жайында иштеген эркектер менен аялдар эки башка кабыл алынат дегенге азыркы ой жүгүртүүм менен кыпындай да шегим жок. Ошондой эле мен мындай теңчилик уюмдун бардык деңгээлинде жайылтылган бир дагы башка ишкананы мисалга тарта албайм. Бирок мага ушул суроо бир нече жыл мурда берилгенде, өзгөчө карьерам жаңы башталган учурда, менде такыр карама-каршы ой пайда болмок болушу керек. Аялдар «аял иштей турган кесипти» аркалаганы бир кыйла дурус болот деген ишенимде болмокмун. Анткени коомдук пикирде пайдалуу кендерди казуу эркектердин иши болуп эсептелет да, биздин чыгыш маданиятыбыз аялдарды экинчи планга сүрүп койгон, бул пикирди жөнгө салуу менин карьерамдын башталышында бир кыйла оор болду, өзгөчө мен ал кезде жашыраак элем да. Бир кызматтан экинчисине өтүп жатып, тажрыйба топтоо менен жагымсыз пикирлерге да туш болдум. «Ушундай жаш эле кыз бизди эмнеге үйрөтүп жатат, эмне кылышыбыз керектигин ушундан сурайбызбы эмне? Бизге суроо берип, сүйлөгөнгө кантип батынат?» – деген өңдүү чоң эле кызматкерлердин теңсинбеген сөздөрүн кулагым чалып, ичимден сызып жүрдүм. Бирок мен көбүрөөк билип, кесипкөй болууга умтула бердим. Мен сыноолорду/чакырыктарды жактырам жана чакырыктар менен сыноолор мени жакшы көрөт. Мен чын эле анын спецификасын түшүнүүгө, фабриканын менеджери болобу, менеджери болобу же техникалык тейлөөнүн жумушчусу болобу бир тилде сүйлөгөнгө аракет кылдым.
Кеп сенин эркек же аял экениңде эмес, кеп сенин Адам экениңде. «Тоо-кен тармагындагы аял катары тажрыйбаңыз кандай?» – деген суроого азыр мен: «Аял болуп, тоо-кен тармагында иштөөнүн кандайдыр бир өзгөчөлүгү барбы? Бул силер башка жерде иштегендей эле: жөн эле өз ишиңе берилип, өз көз карашыңызды карманыңыз, акырында ушунун баары сизге урмат-сый, мүмкүнчүлүк жана өзүңүзгө ыраазы болуу катары кайтып келет» – деп жооп бермекмин. Бизде дайым тандоо бар, бирок ар бир кыймылда, жасап жаткан ишиңе чындап берилип, ал иштен пайда дагы, ырахат дагы алуу керек. Өзүңдү дайым өркүндөтүп, өнүктүрүп, эмнеге жеткиң келгенин билип, эч убакта артка чегинбөө керек. Бизде дайым тандоо бар жана артка кетесизби же андан чыгуунун башка жолдорун издейсизби – сиз гана чечесиз; бул бизди күчтүү кылат. Муну менен бардык терс учурлар өзүнүн маанисин жоготуп, айланаңыз сиздин жолуңузду максатыңызга карай баштайт.
Менин жетекчилерим мени кыйын учурларда колдоп, туура багыт көрсөтүп турганы үчүн аларга чексиз ыраазымын. Мен суукта үшүп-тоңуп, жардыруу бөлүктөрүндө жылынган, бургулоо станокторунун операторлору жана жардыргычтар ысык чай беришкен; жалаң эркектерден турган жогорку жетекчилик үчүн презентациялар учурунда өзүмдү жоготуп, алар мени колдогон, презентация өткөрүп жатып жаңы системада адашканда эркек инженерлер мындай кыйынчылыктардан чыгууга жардам берген жана мени колдогон ар бир учурга ыраазымын. Балким, бул презентациялар, жаңы системалар жана бургулоо-жардыруу иштери эгер аялдар анын бөлүгү болуп эсептелбесе, адаттагыдай ишке ашпайт. «аялдар сыйкыры» кырдаалды жумшартып, керектүү сөздөрдү тандап, кыйшык нерселерди түздөөгө көмөк көрсөтөт: аял болуу бардык жерде сыймык. Мен жыйырма жылдан ашык топтогон иш тажрыйбамдан башканы элестете албайм, келечектеги багытымды дагы шул тармактан көрүп турам.

Сиздин ишиңизде Сизге өзгөчө эмне жагат?
Чакырыктар жана өзгөрүүлөр! Мен азыркы жетишкендиктерим үчүн чакырыктарга/сыноолорго жана өзгөрүүлөргө милдеттүүмүн. Өнүгүү жогорулоо жана төмөндөөсүз болбойт. Мен мурда айткандай, мага компаниядагы жаңы долбоорлорду жана программаларды жайылтуучу команданын бөлүгү болуу мүмкүнчүлүгү берилди. Жаңы коюлган милдеттер жумушта кеч киргенге чейин кармалып, дем алыш күндөрү да иштеп, жумушка көмүлүп, жаңы чечимдерди издөөгө, ал тургай бул чечим биз күткөндөй болбосо дагы жол табууга аракет кылам. Эч нерсе кыла албай өкүнүп калгандан көрө, бир нерсе жасап, анан кейиген жакшы го деп ойлойм.
Чакырыктар жана өзгөрүүлөр менен иштөө тажрыйбасы «Алты сигма» программасында иштеп баштаганда эле өзгөчө жаккан. Бул программа боюнча окутуу, мага эмгек жамаатында өзгөрүүлөрдү жасаган адистердин командасында болууга мүмкүндүк берди. Жумушчулардын көпчүлүгү менден улуу болчу, аларда өзгөрүүлөргө көз караш башкачараак эле. Ошол учурдагы жаш кездердин эсимде калган жетишкендиктердин бири алтын ылгоочу фабрикада иштөө боюнча долбоорлор эле. Ал учурда менде металлургдун билими жок жана мен химик да эмесмин, бирок мага алтынды ылгоо процесси ушунчалык кызыктуу болуп, өндүрүш процессин абдан түшүнгүм келчү, ошол аракетимдин акыбети кайтып, фабриканын негизги кызматкерлеринин колдоосу менен, менин жумушумдун натыйжаларына фабриканын жетекчилери эле эмес, жогорку жетекчилик дагы ыраазы болушчу. Мен алга умтулуунун татаал жолдорун басып өткөн тажрыйбага ээ болдум деп ишенимдүү айта алам, ошол тажрыйба калптанып калган көз карашты да бузуп, жаңычылыкка бет алууга жардам берди, азыр «калыптанып калган менталитет» деген түшүнүк жок, аны өзгөртүү үчүн убакыт, аракет жана пикирлештер командасы керек.
Сизге карьераңызда жардам берген насаатчылар же кураторлор болдубу?
Мен аларды «расмий» насаатчым же кураторум деп айта албайм, бирок менде мени колдоп, көмөк көрсөтүп жанымда жүргөн кишилер болду. Алар эркектер, аялдар жана жергиликтүү жашоочулар менен чет өлкөлүк жарандар эле. Мен ийгиликтүү адамдардан үлгү алам, алардын иш-аракетин түшүнүүгө жана талдоого аракет кылам. Бирок албетте, сенин жеке ийгилигиң сенин өзүңдөн көз каранды, биз өз жашообузду өзүбүз курабыз. Эгер биз өзүбүздүн үстүбүздө иштесек насаатчылар менен кураторлор дайым табылат.

Бул тармакта иштеп жүргөндө эркектердин жумушу деп эсептелген кандай кыйынчылыктарга туш болдуңуз? Бул тармакта «өз адам болуу» үчүн бир нерселерге ыңгайлашкан сезим болгон жокпу?
Менин азыркы ой жүгүртүүм жана курагым менен, эгер мен каалаган батыш тоо-кен казуучу компаниясына иштегени барсам, мага иш процессине жана эркектер чөйрөсүнө ыңгайлашуу кыйынчылык туудурбайт. Бул жерде, Орто Азия өлкөлөрүндө тарыхый жактан калыптанып калган көз караш менен «эркек» деген ким, «аял» деген ким дегенди ажырата билип, эркектер иштеген жамаатка ыңгайлаша билүүбүз керек; өзүңдүн иш-аракетиңде жана сөзүңдө сак болушуң керек, сен ошондой эле жумушчу экениңди далилдеп, урмат-сыйга татып, ошол иштерди аткара ала турганыңды ырасташың керек. Карьерамдын башталышында кызматтык милдеттенмелерден тышкары, күн сайын дасторкон даярдап, андан кийин жыйнап, жууп-тазалап турчубуз (бул эми улуулардын арасында ошондой болгон). Өзүңдүн каршылыгыңды билдирип, биз баарыбыз бирдей экенибизди далилдеп батынганга чейин бул көрүнүш улана берди. Муну менен сен сынга кабыласың, анткени башкалар бул тууралуу угуза айткандан чочулашып, ушундай көрүнүшкө макул боло беришет. Же топ эркектердин сөгүнгөнүн токтотуп, жөн эле кетип кала албайсың, анткени маанилүү талкууну өткөрүп жибересиң; кайра эле батыл кадамга барганча, мурдагы жасалган аракеттер жөн эле четке кагылып: «Анда сен бул жерде эмне кылып жүрөсүң?…Сага жакпаса, чык да, үйүңө кете бер… Аял деген үйдө отуруш керек.. Бул жерге аялын ишке жумшап коюп отурган өзү кандай күйөө?…» деген жоопторду угасың. Бирок мындай көрүнүштөр болбосо, мен азыркы абалымдагыдай болмок эмесмин. Мен мындай учурларда бардык айымдарды чечкиндүү болууга, жаңы билимдерге умтулууга чакырам, анткени , «ит үрө берет, кербен жүрө берет».

Мындан ары эмне менен алектенгиңиз келет?
Сатып алуу чөйрөсү мага тааныш эмес тармак, мен ушул тармакты түшүнүп, иш алып барууну каалайм. Эгер кененирек ой жүгүртсөк, мен өз билимдеримди жана тажрыйбамды бөлүшүп, окуп жана аны башка адамдарга бере баштагым келет. Кыска мөөнөттүү планды ала турган болсок – уйкумду кандырып, кайсы бир кумжээкке жатып алып кыймылсыз бир нече күндү өткөргүм, массажга барып, телефондун эстутумун тазалап, кызым менен ойногум келет.

Сиз азыр билгендериңиздин кайсынысын кимдир бирөөдөн өз карьераңыздын башында уккуңуз келет?
Кандай болгон күндө да, балким мага айтышкандыр, бирок мен укчу эмесмин, анткени мен ал кезде башка көз карашта, ойдо болчумун. Бирок башкысы «Өзүңдү сыйла, өзүңө гана ишен, башкаларга көп ишене бербе, өзүңдү колго ал, ишке өз салымыңды кош» деген ой болгон. Балким мындай каалоону кесиптик журналга жарыялоо адаттан тыш көрүнүштүр, бирок биз жеке жашообузга артыкчылык беришибиз керек.

Сиз өкүнбөй турган, тескерисинче бактылуу болгон эң чоң катаңыз жөнүндө эмнени айта аласыз?
Хмм..бул суроо мени ойлонтуп койду. Кетирген катамдан бактылуу болгон учурду эстей албай жатам. Менин жашоомдо болуп өткөн окуялардын баарына ыраазымын. Кимдир бирөө кайсы катаңызды өзгөртөт элеңиз деп сурап калышканда, менин каталарымдын баары менин турмуштук сабактарым, азыркы абалга жетиш үчүн мен алардан өтүшүм керек эле деп жооп берем.

Аялдардын башкармалыкка мүчө болушу тууралуу талашта кандай позицияны ээлейсиз? Сиз аялдардын квотасы үчүнсүзбү же аларга каршысызбы?
ООБА!, аялдар башкармалыкка толук укук менен мүчө болуп, чечимдерди кабыл алууга катышууга тийиш. Эркектер менен аялдардын ортосунда эч кандай ажырым болбошу керек. Башкармалыкта татыктуу адамдар отурушу керек. Мен аялдар дагы милдеттенмесинин (эне, аял, кыз) көптүгүнө карабай, уйкуга убакытты араң тапса да ушул ишти аткарышын каалайм. Дүйнө ийкем, аялдар өз ишмердигин карьера жана үй-бүлөдө бирдей уюштуруу үчүн андан дагы ийкемирээк.

Тоо-кен компанияларында иштеген аялдар, тармактын имиджин өзгөртүп, тоо-кен секторун аялдар үчүн жагымдуу кыла алат деп ойлойсузбу?
100%га ишенем. Мен өз тажрыйбамды бөлүшүүгө даярмын, андан тышкары аялдарды чечкиндүү, өзүнө ишенимдүү болууга, өзүнүн үстүнөн иштөөгө жана дүйнөнү өзгөртө турган кыймылдын бөлүгү болуу үчүн шыктандырууга даярмын.

Карьерасында жаңы кадам таштап жаткан жаш кыз-келиндерге кандайдыр бир кеңеш айта аласызбы? 25 жашыңызда эмнелерди билгиңиз келди эле?
Тарыхый жактан эркектердики деп эсептелип келген адистиктерди үйрөнүүдөн жана өздөштүрүүдөн коркпогула. Алар татаал көрүнүшү мүмкүн, бирок аларды оңой эле өздөштүрүп алганда өзүңөр таң каласыңар. Баргыла да металлургияны, тоо ишин, техниканы үйрөнгүлө. Чечкиндүү болгула, өз пикириңерди айткандан уялбагыла, ишене турган ийгиликтүү адамдарды тапкыла, алар менен өз идеяңарды бөлүшкүлө, кошумча тапшырмаларды сурагыла, чакырыктарга баргыла. Кыйын учурларда башты жерге салбагыла, силерде дайыма тандоо бар: кайгыра бересиңер же чечүү жолдорун издеп, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачасыңар. Жаш кезиңерде тоону томкорсоңор болот! Эмнени кыялдансаңар да ишке ашырууга киришкиле, аны азыр жасагыла, кадам артынан кадам таштагыла! Каалоо күчтүү болсо, аны аткарууга да күч пайда болот.

Жумуш менен жеке турмушуңуздун ортосундагы баланстын сыры эмнеде?
Мен өзүмө гана ишенишим керектигин билем. Биздин балдарыбыз бар жана мен алардын келечеги үчүн база түзүшүм керек. Мен өз ата-энелеримди бактылуу жана аман-эсен көргүм келет, буга менин салымым бар. Бул мени шыктандырып турат жана менин «керегим» кандайдыр мажбурлоочу милдет болуп эсептелбейт, бул менин ички гармониямдын бөлүгү. Мен өзүмө убакытты азыраак бөлөм, бирок мен муну аткарсам, анда толук кирип кетем, бул мага күч жана энергия берет. Бул спорттун бир бөлүгү мен үчүн.

Кесипкөй болуу, өнүгүү үчүн Сиз сунуштай турган сүйүктүү китептер барбы?
Элияху М. Голдраттын «Цель», Джона Коттердин «Управление переменами», Крайон от Ли Кэрроллдун « Путешествие домой» китептери.

Азыр кандай китептерди окуп жатасыз?
Мен азыр Дэйв Логан менен Джон Кингдин «Лидер и племя» китебин окуп жатам. Эгер убактым көбүрөөк болгондо, тарыхый биографияларды (мага Махатма Гандинин биографиялык китептери, Нельсон Манделанын «Долгий путь к свободе» китеби жагат) окумакмын жана «Неприкасаемые», «Скрытые фигуры» сыяктуу шыктандыруучу фильмдерди көрмөкмүн.

Сизде бизге айткыңыз келген кандайдыр бир хобби, сүйүктүү сабактарыңыз же жашырын таланттарыңыз барбы?
Мага йога жагат. Жакындан бери йога жана медитациянын элементтери менен кыска көнүгүүлөрдү жасап жатам. Башым менен тик турганды жакшы көрөм. Стресстен арылыш үчүн кээде пианинодо ойнойм. Саякаттаганды жактырам, башка өлкөлөрдө жүргөндө өзүмдү адреналин коштогон аракеттер менен алып жүрөм, мисалы, бийик мунаралардын четинде басам, дайвинг, дарлардан секирем, парапланда учам.

Булагы: https://internationalwim.org/nazgul-oskoeva/