“Кумтөр” кен ишканасында чөмүчүнүн сыйымдуулугу 23 кубометр болгон биринчи Hitachi 3600 карьердик экскаватору ишке кирди

“Кумтөр” кен ишканасында чөмүчүнүн сыйымдуулугу 23 кубометр болгон биринчи Hitachi 3600 карьердик экскаватору ишке кирди

Жарыяланган: 11 September 2012

На руднике «Кумтор» приступил к работе первый карьерный экскаватор Hitachi 3600 с вместимостью ковша в 23 кубометра“Кумтөр” кен ишканасында биринчи Hitachi 3600 карьердик экскаватору ишке кирди. Бүгүнкү күнгө карата бул Кыргызстандын тоо-кен казып алуу тармагында пайдаланылып жаткан эң чоң экскаватор. Анын чөмүчүнүн сыйымдуулугу 23 кубометрди түзөт. Аны Кыргызстанга алып келүүнү кошо алганда экскаватордун наркы 5,9 млн. АКШ долларын түзөт. Бул өндүрүштү модернизациялоо жана кеңейтүү программасынын алкактарында компания 2012-жылы сатып алган 4 экскаватордун алгачкысы.

Мурда билдирилгендей, 2012-жылы компания кенди өнүктүрүүгө жана модернизациялоого 370 млн. АКШ долларын жумшоону пландаштырууда. Анын ичинен инвестициялардын олуттуу көлөмү жаңы тоо-кен техникасын сатып алууга багытталмакчы.

Hitachi компаниясынын өзүнүн билдирүүсү боюнча, “Кумтөр” кен ишканасы Hitachi экскаваторлору үчүн КМШ өлкөлөрүндөгү эң бийик иш орду болуп саналат жана Hitachi экскаваторлору үчүн алар мындай экстремалдуу шарттарда иштей ала тургандыгынын өз алдынча “лакмус кагазы” болуп калмакчы. Бирок, кымбат наркына карабастан, компаниянын салымдары акталууга тийиш: Hitachi 3600 экскаваторлору ордунан которулган материалдын салмагынын бирдигине карата кайра эсептегенде чыгымдардын төмөндөөсүнө алып келет. Техникалык тейлөөнүн анча чоң эмес наркы жана бул экскаватордун узак кызмат мөөнөтү олуттуу каражаттарды үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Жаңы техниканын өнөр жай коопсуздугунун эл аралык стандарттар менен каралган бардык талаптарына ылайыктуулугу да аз эмес маанилүү.

Азыркы учурда адистер дагы бир Hitachi 3600 экскаваторун жыйноо менен алектенишүүдө, калган 2 экскаватор “Кумтөр” кен ишканасына чачылган түрүндө жакынкы эки ай аралыгында алынып келинмекчи, жыйналып, анан 2012-жылдын акырында карьерде ишке кирмекчи.

«Жаңы Hitachi экскаваторлору өздөрүнүн кубаттуулугу боюнча “Кумтөр” кен ишканасындагы азыркы Liebherr жана Caterpillar маркаларындагы экскаваторлордон ашып кетет. Аларды пайдалануу жакынкы мезгилде потенциалды өстүрүүгө жана текти жылдыруу жана руданы казып алуу боюнча ишти алда канча натыйжалуу жүргүзүүгө мүмкүндүк берет», – деп баса белгиледи «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» президенти Майкл Фишер.