Жети-Өгүз райондук Кумтөрдүн бөдрөтчүлөрү мини-футбол боюнча «Ынтымак футболу» турнирин өткөрүштү

Жети-Өгүз райондук Кумтөрдүн бөдрөтчүлөрү мини-футбол боюнча «Ынтымак футболу» турнирин өткөрүштү

Жарыяланган: 26 May 2022

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын (КГК) Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы бөдрөттүк уюмдарынын мини-футбол боюнча 14 командасы КГК командасынын катышуусу менен Барскоон айылында «Ынтымак футбол» турнирин өткөрүштү.

Оюндардын ачылыш аземинде КГКнын региондорду өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Ибраев мелдештин катышуучуларына «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» Улуттук холдинг компаниясынын президенти Теңиз Бөлтүрүктүн атынан салам жолдоп, жана «Кумтөр Голд Компани» ЖАКка киргизилген тышкы башкаруунун бир жылдыгы менен куттуктады.

– Турнирдин аты өзү эле айтып турат. Кандай болбосун компаниянын туруктуулугу жана эффективдүүлүгү бөдрөтчү уюмдардын өкүлдөрү менен биргеликте ынтымактуу жана командалык иш алып барууга байланыштуу. «Кумтөрдүн» бөдрөтчү уюмдарына бизге колдоо көрсөтүп, жана элибиз менен мамлекетибиздин бакубатчылыгы үчүн кендин туруктуу иши менен өндүрүштөгү коопсуз иш ыкмаларын камсыздоосу үчүн ыраазычылык билдиребиз, – деди Сагынбек Ибраев.

Жети-Өгүз районунун бөдрөтчү уюмдарынын жетекчилери жана кызматкерлери КГКнын жетекчилигине ыраазычылык билдирип, мындан ары да эки тараптуу жана үзүрлүү иш алып барууну улантууга даяр экендиктерин белгилешти, жана ошондой эле «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» Улуттук холдинг компаниясы тарабынан  ишке ашыруусу пландалган жаңы тоо-кен долбоорлоруна катышууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Турнирде жеңишке жетишкен командаларга КГКнын жетекчилигинин атынан региондорду өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Ибраев сыйлыктарды жана эстелик белектерди тапшырды.