Кажы-Сай айылында кичи-футболдук талаа ачылды

Кажы-Сай айылында кичи-футболдук талаа ачылды

Жарыяланган: 30 January 2018

2018-жылдын 24-январында, Ысык-Көл областынын Тоң районундагы Кажы-Сай айылында “ Кумтөр Голд Компани” ишканасынын каржылык колдоосу менен курулган кичи-футболдук талаанын салтанаттуу ачылышы болду. Салтанатка Компаниянын өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик, айыл аксакалдар кеңеши, жергиликтүү тургундар жана кабарчылар катышты.

Салтанаттын жүрүшүндө райондун жаштар уюмдары достук беттешүүсүн өткөрдү. Компаниянын өкүлдөрү кийинки оюндарды өткөрүү үчүн катышуучуларга топтордун топтомун тапшырды.
“Кумтөр” компаниясы объектинин курулушуна 2017-жылы 2 миллион 446 миң сом бөлгөн. Айылдык кеңеш кичи-футболдук талааны балансына алып, аны колдонуудагы техникалык колдоосун мойунга алды. Кичи-футболдук талаа айылдын так борборунда жергиликтүү мектептин жанында болгондуктан, окуучулар дене-тарбия сабагы учурунда футбол ойной алышат.

“Билим берүү жана жаштардын демилгесин колдоо, бул компаниянын социалдык инвестицияларындагы артыкчылык багыттарынын бири. Биз айылдагы спорттун өнүгүүсүн жана жаштардын ар тараптуу алек болушун колдоого кубанычтабыз”,- деп белгиледи “Кумтөр Голд Компанинин” туруктуу өнүктүрүү боюнча бөлүм директору Актилек Тунгатаров.
“Кумтөр” компаниясы 2013-жылдан баштап, жергиликтүү бийликтин жана жаштар уюмдарынын суроо-талаптарына көңүл буруп, Тоң жана Жети-Өгүз райондоруна кичи-футболдук талаалардын курулушун колдоо милдеттенмесин алган. Биринчи талаа , 2013-жылы Балыкчы шаарында курулган. 2013-жылдан 2018-жылдын янаврына чейинки мезгилде “Кумтөр Голд Компани” толук жана жартылай жети футболдук талаа курулушун каржылаган.

Спортчулар Балыкчы шаарында,Жети-Өгуз районунун Оргочор, Тилекмат , Тосор жана Саруу айылдарында машыгууга мүмкүнчүлүк алышты. Компаниядан Ысык-Көл областына кичи-футболдук талаалардын курулушуна 17 млн сом каражат бөлүнгөн.