«Кумтөр» Тоң жана Жети-Өгүз райондорунда жана Балыкчы шаарында чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө жардам берет

«Кумтөр» Тоң жана Жети-Өгүз райондорунда жана Балыкчы шаарында чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө жардам берет

Жарыяланган: 26 April 2021

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Тоң райондорундагы жана Балыкчы шаарындагы «Кумтор Голд Компани» компаниясынын колдоосу менен түзүлгөн «Жети_Өгүз», «Тон Финанс» жана «Балыкчы Финанс» микрокредиттик агенттиктеринин көмөгү менен  чакан жана орто бизнеске колдоолор көрсөтүлүп келе жатат. 15 жылдан бери ушул финансылык мекемелер фермердик чарбаларга колдоо иретинде жылдык 12% кредиттерди берүүдө. Алардын колдоосу менен жүздөгөн ишкерлер ийгиликке жетишти. Мурда ачылган ишканалар жүгүртүүлөрдү көбөйтүп, жаңылары – ийгиликке ишенимдүү кадам таштоодо.

Мына жакында эле ишке ашкан бизнес-долбоорлорго байланыштуу үч ийгиликтин тарыхы.

Балыкчы шаарынын жашоочусу Гүлназ Калыгулованын шейшептерди жана пледдерди тигип, таңгактап,  дүңүнөн  сатуучу өзүнүн жеке цехи бар. Азырынча азырак көлөмдө – айына жүзгө чейин комплект тигишет, бирок жүгүртүүлөр аз-аздап көбөйө бермекчи. Кооз гүлдүү саймалар менен белекке берилүүчү комплекттерди жана төшөктөрдү тигүү пландалууда. Аталган ишкер бир нече ай мурда «Балыкчы Финанстан» үч жылга жылдык 12% менен 500 миң сом  кредит алган. Бул акчалар өндүрүштө кошумча жумуш орундарын түзүүгө, фурнитураларды, кездемелерди жана жабдууларды сатып алууга сарпталат.

– Коммерциялык банктардан кредит алуу пайдасыз, анткени үстөгү 28% жана андан жогору. Ошондуктан төмөн пайыз менен кредит алуу – бизнести өнүктүрүүгө чоң көмөк, бул салымы үчүн «Кумтөргө» рахмат – деп белгиледи, Гульназ Калыгулова.

Тоң районунун Бөкөнбаев айылындагы жаш ишкер Алишер Абдуллаев 2020-жылы өз үйүндө нан азыктарын жасоочу цех ачкан. Айылдык ишкер ишин жөнгө салуу үчүн өткөн жылдын күз айларында “Тоң Финанс” микрокредиттик агенттигинен 350 миң сом өлчөмүндө кредит алган. Аталган каражатка имарат куруп бүтүрүп, өндүрүштүк аймакты кеңейтти, жабдууларды – камыр аралаштыргыч жана эки меш сатып алды.

Өткөн жылдын декабрь айында Боконбаев айылынын тургуну Бактыгүл Кабаева «Тоң Финанстан” коомдук мончо ачуу үчүн  400 миң сом кредит алган. 2021-жылдын 8-мартында болгон ачылыш аземинде эл абдан көп болду. Кардрлардын азайган карааны азыр да байкалбайт, элдер кезекке жазылууда. Күнүнө 40ка чейин айылдык тургун келип бууга кактанып, сууга түшүп кетсе, дем алыш күндөрү алардын саны 70ке жетет.

 «Балыкчы Финанс» микрокредиттик агенттиги «Кумтөрдүн» колдоосу аркылуу 2012-жылы 15 млн сом баштапкы капиталы менен ачылган. 8 жылдан кийин агенттик кредиттик портфелин 62 млн сомго чейин көбөйттү. «Кумтөр» компаниясы Балыкчы агенттигин колдоону улантууда. Өткөн жылы «Балыкчы Финанс» ишмердигин жүзөгө ашыруу үчүн 4 млн сомдон ашык акча бөлүнгөн. Микрокредит берүү шарттары боюнча, Балыкчы шаарынын тургундары өндүрүштү жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүн өнүктүрүүгө 50 миңден 500 миң сомго чейин өлчөмдөгү кредитти жылдык 12% менен ала алышат. 2021-жылдын башынан бери кредиттик мекеме 64 демилгени каржылады.

 «Тон Финанс» микрокредиттик агенттиги  «Кумтөрдүн» колдоосу менен 2011-жылы 14 млн сом баштапкы капиталы менен ачылган. Бүгүн финансылык мекеменин кредиттик портфели 87 млн сомго жетти. Өткөн жылы кошумча жардам катары «Кумтөр» «Тон Финанска» 3 млн сомго жакын каражат бөлдү. Агенттик Тоң районунун тургундарына айыл чарбаны, өнөр жайды, туризмди, чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө жылдык 10-12% сом менен 50дөн 500 миңге чейин жеңилдетилген кредиттерди берип келет. Өткөн жылы кредит берүүнүн көлөмү 58 млн сомду түздү. 2021-жылдын башынан бери «Тоң Финанс» 14,7 млн сомдон ашык долбоорлорду колдоого алды. Баса, баарыбызды түйшөлткөн 2020-жылы агенттик салынган каражаттарды жүз пайыз кайтарууну токтоткон. Мөмө-жемиштерди экспорттогондор дагы пандемиядан улам жабылып калган чек аралардан улам карызын кайтара албай калышты.