ДОЛБООРЛОР БОЮНЧА МЕНЕДЖЕР

ДОЛБООРЛОР БОЮНЧА МЕНЕДЖЕР

Жарыяланган: 16 June 2021

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК 

төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт:

ДОЛБООРЛОР БОЮНЧА МЕНЕДЖЕР 

Билдирүүнүн номери: KGC-21-85

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ: 

  • Тоо-кен жана алтын ылгоо өндүрүштөрүн өнүктүрүү боюнча кыска жана узак мөөнөттүү долбоорлорду, ошондой эле Кумтөр кенинин оор техника жана башка техниканы тейлөө бөлүмүнүн ишмердигин комплекстүү иштеп чыгуу жана натыйжалуу ишке ашыруу.

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:

  • Экономика/финансы/металлургия/тоо-кен иши чөйрөсүндөгү жогорку билим;
  • Тоо-кен ишканасында жетектөөчү кызмат орундарында иш тажрыйбасы болуу кубатталат;
  • милдеттүү билимдер:

– Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын негиздери; 

– долбоорлордун экономикалык негиздемелердин жана аларды даярдоонун негиздери;;

– долбоорду башкаруу методикалары; 

– тоо-кен өнөр жай тармагынын өзгөчөлүгү;

  • көндүмдөрү:

-бизнес-планды түзүү, бюджеттин өлчөмүн аныктоо жана долбоорду ишке ашырууда зарыл болгон документтерди даярдоо;

– жеткирип берүүчүлөр жана бөдрөтчүлөр менен келишим түзүү;

– долбоорду түзүүнүн натыйжасында коюлган максаттарды жана милдеттерди аныктоо жана натыйжасын болжолдоо;

– иштерди аткаруу графигин түзүү жана аларды ишке ашыруу мөөнөттөрүн контролдоо;

– ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

  • профилдик курстардан өткөндүгү тууралуу күбөлүктөрдүн болушу; 
  • Англис тилин билүү милдеттүү;

Анкета жана резюмени 2021-жыл 22-июнь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.

Анкетаны бул шилтеме  (https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf) менен өтүп алса болот.

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-21-82

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.