МАЙДАЛООЧУ АГРЕГАТТЫН МАШИНИСТИ

МАЙДАЛООЧУ АГРЕГАТТЫН МАШИНИСТИ

Жарыяланган: 12 August 2022

Жабык

«Кумтөр Голд Компани»

төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт

Майдалоочу агрегаттын машинисти

Билдирүүнүн номери: KGC-22-214 

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:

  • Өзүнүн түздөн-түз жетекчисинин буйруктарын жана тапшырмаларын аткаруу жана ээлеген кызматына байланыштуу эмгек операцияларын аткаруу;
  • Карьерде жардыруу иштерин жүргүзүү, жарылуучу скважиналарга жардыруучу заттарды дүрмөттөөчү техниканын жардамы менен механикалык дүрмөттөө, жардыруудан кийин жарылуу болгон жерди кароо;
  • Скважиналарды жардыргычтар жана жер иштери үчүн дүрмөттөө үчүн породаларды фракциялары боюнча сорттоо;
  • Сменанын башында бургулоо-жардыруу бөлүмүнүн смена башчысынан жумуш нарядын алуу, ошондой эле коопсуздук техникасы боюнча инструктаж өтүү;
  • КС 160-2 талкалоочу түзүлүштү иштетүү эрежелерин сактоо.

МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР: 

  • КР ЭТКМИге караштуу Тармактар ​​аралык окуу борборунун сертификаты;
  • Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан берилген «Жардыргычтын бирдиктүү китепчеси»;
  • «Кен жайларды иштетүүнүн бирдиктүү коопсуздук эрежелерин» билүү;
  • Талкалоочу-сорттоочу цехтин ишинин негизги принциптерин жана техникалык мүнөздөмөлөрүн билүү;
  • Бийик тоонун шартында иштөөгө ылайыктуу болуу;
  • Жашы 20 жаштан кем эмес;
  • В, С категориясындагы айдоочулук күбөлүк жана КГКда 1 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
  • Жеке сапаттар: баарлашуу, стресске туруктуу болуу, командада иштей билүү, жоопкерчиликтүүлүк, компьютердик программаларда иштей билүүсү кубатталат.

Анкета жана резюмени 2022-жыл 18-август саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот.

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: KGC-22-214.

ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.