Кумтөр кызыкдар тараптарды, алыскы, бийик тоолордо жайгашкан байланыш ретрансляторлорун тейлѳѳ келишимин түзүү конкурсуна катышууга чакырат

Кумтөр кызыкдар тараптарды, алыскы, бийик тоолордо жайгашкан байланыш ретрансляторлорун тейлѳѳ келишимин түзүү конкурсуна катышууга чакырат

Жарыяланган: 22 August 2014

ТЕНДЕР ЖАБЫК

Ретрансляторлорго жѳѳ, авто унаа же болбосо вертолет менен жетүүгѳ болот. Ордунда жасалчу иш, бир канча күнгѳ созулуп, анда колдонулчу бардык жабдууларды талапкер ѳзү жеткирип, түшүрѳт. Тейлѳѳ кызматы профессионалдуу альпинисттер тарабынан колдоого алынат.

Коюлган талаптар:

Тѳмѳндѳ берилген тармактарда иш тажрыйбасына ээ болуу:
• Туруктуу агын системалары/Күн электр системасы;
• Метр арымында (диапазонунда) иштеген ретрансляторлор;
• Радиореле байланышы;
• Кош-октуу кабель тѳшѳѳ;
• Антенна кою жана жѳндѳѳ;
• Чагылгындан коргоо жана жердѳѳ;
• Мамы жана ретрансляторлорду куруу жана тургузуу;
• Билдирмелердин так эсебинин жүргүзүлүшү, буюртмалардын кепилдүү, сапаттуу жана ѳз убагында аткарылышы;

Келишимдин мөөнөтү – 2014ж., 31 декабрына чейин, андан ары узартуу мүмкүнчүлүгү дагы бар.

Толук коммерциялык сунуштар, кагаз үстүндө, талапкердин мөөрү басылган жана оозу чапталган, жана ошондой эле сыртында “Тандоо комиссиясынын төрагасына” деп жазылган, А4 форматындагы конверттин ичинде, Бишкек шаары, Ибраимов көч., 24, “Учкун” АКнун имараты, 14 каб., адресине 2014ж., 05 сентябрь, саат 17:00 чейин тапшырылуусу зарыл.

Берилген убакыттан кийин жана электрондук адреске жиберилген билдирмелер кабыл алынбайт.

Коммерциялык сунуш, төмөндөгүлөр менен чектелбестен, камтуусу зарыл документтер:


• Негизги ишкердик түрлөрүн жана тажрыйбасын камтыган уюм жөнүндө кыскача маалымат, мекеменин негиздөөчүлөрү жана жетекчилери жөнүндө маалымат;
• Уюмдун мамлекеттик органдарда каттоосун тастыктаган документтер;
• 2014 ж., 31 декабрына чейин жарактуу, аныкталган тартип боюнча бекитилген кызмат баасынын тизмеси (прейскурант)
• Талапкер, аталган кызматтын сапатын жана үзүрдүүлүгүн жогорулатуу максатында, кошумча шарттар сунуштоого толук укуктуу.

КГК ишканасы, ар-кайсы билдирмени бүтүндөй же жарым-жартылай кабыл алуу же албоо укугун сактайт. КГК, эң арзан сунушту камтыган ишкана менен келишим түзөөрүнө эч кандай кепилдик бербейт. КГК ишканасынын талаптарына туура келген коммерциялык сунуштарды берген талапкерлерге гана КГК тарабынан кабар берилет.

Бардык суроолор боюнча, кызыкдар тараптар, КГКны сатып-алуу бөлүмүнө факс аркылуу: +996 312 592050 же болбосо электрондук адрес аркылуу Kumtor_localbuyer@kumtor.com кайрылса болот.