ЭМУЛЬСИОНДУК ЦЕХТИ ЖАНА ЗАРЯДДООЧУ МАШИНАЛАРДЫ ОҢДООЧУ СЛЕСАРЬ

ЭМУЛЬСИОНДУК ЦЕХТИ ЖАНА ЗАРЯДДООЧУ МАШИНАЛАРДЫ ОҢДООЧУ СЛЕСАРЬ

Жарыяланган: 17 November 2021

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК

 төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт

Эмульсиондук цехти жана заряддоочу машиналарды оңдоочу слесарь

Билдирүүнүн номери: KGC-21-0227 

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ: 

  • Эмульсиондук цехтин жабдууларын жана агрегаттарын техникалык тейлөө жана оңдоо (ар кандай контролдук-өлчөө жабдуулары, автоматтык башкаруу системасы);
  • Эмульсиондук заряддоо машиналарынын агрегаттарын техникалык тейлөө жана оңдоо (автоматтык куюу зымдары, куюп алуучу түтүктөр, түтүктөрдүн тыгындоочу жана жөнгө салуучу аппаратурасы).

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР: 

  • Жогорку техникалык билим (КИПиА, машиналарды жана жабдууларды тейлөө);
  • Компрессордук орнотмолорду оңдоо боюнча слесарь, ЖЗ даярдоо пунктун тейлөө боюнча жумушчу, буу жана суу жылытуу казандарын оңдоо боюнча слесарь, жүк ташуу машиналарды жана жүк жүктөө-ташуу жабдууларды оңдоо жана тейлөө боюнча слесарь, басым астында иштеген идиштерди жана оңдоо боюнча слесарь, электр жабдууларын башкаруу панелдерин оперативдүү тейлөө жана которуу боюнча слесарь, КИПиА слесардын квалификациясы жөнүндө күбөлүк;
  • Жардыруу иши, өнөр жай коопсуздугу жана эмгекти коргоо жаатындагы мыйзамдарды жана КР ченемдик актыларын билүү;
  • Адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес иш тажрыйба;
  • Англис жана түрк тилдерин билүү;
  • Компьютердин жана Microsoft Office программаларынын пакетин колдонуучусу;
  • “В “жана”С” категориясындагы айдоочулук күбөлүк;

Анкета жана резюмени 2021-жыл 01 декабрь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот.

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-21-0227.

ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.