Ийгиликтүү кызмытташуулар

Ийгиликтүү кызмытташуулар

Күнүмдүк ишкердигибиз үчүн керектелүүчү 11 000 товарлардын аталышын болжол менен 600 кыргыз ишканалары камсыздап берип тургандыгы жөнүндө кээ бир кызыкдар тараптарыбыз үчүн тангалычтуу маалымат болсо керек.

Жергиликтүү берүүчүлөрдүн “Кумтөр” менен кызматташууга кызыкдарлык даражасы дайыма өсүүдө. Бирок, көптөгөн берүүчүлөр башка берүүчүлөрдүн ийгиликтүү идеяларын алышат жана ушундай түрдө учурдагы берүүчүлөрдү сүрүп чыгууга аракеттенишет. Биз учурдагы жана потенциалдуу берүүчүлөрдү колдойбуз жана аларга бул тосколдуктарды жеңүүгө жардам беребиз. Биз жергиликтүү ишкерлерди «алкактардан тышкары» ой жүгүртүүгө жана жаңы идеяларды, товарларды жана кызматтарды сунуштоого чакырабыз. Мына ошентип, алардын ишканалары ийгиликтүү болуп калышат жана жергиликтүү жамааттар
үчүн жаңы иш орундарын жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүшөт. Төмөнкүдө кен казуу жайынын лагерине жумуртка берген дыйкан чарбасынан баштаган, жеке коргонуу жабдуулардын бири болгон атайын кийим өндүрүүчүсүнө жана фабрикабыз үчүн кенди иштетүү жана алтын чыгаруу үчүн майдалоочу топторду өндүргөн жергиликтүү ишканага чейин кызматташуубуздун конкреттүү мисалдары берилген.

ферма

Жумуртка менен камсыздоочу

«Кумтөр» кен ишканасынын бийик тоолуу турак-жай лагеринде күнү-түнү иштеген 1 700дөй жумушчу тейленет. “Кумтөрдүн” өндүрүшү деңиз деңгээлинен 4 000 м. бийиктикте, +15°Сдан -38°Сга чейинки температуралык шарттарда жайгашкан. Жумушчуларга татаал шарттарда оор жумушту аткарышы үчүн азыктуулугу мол, сиңимдүү жана сапаттуу тамак аш керек. Негизги тамак-аштын бири катарында жумуртка, Чүй областында иштеген фермасынан алынат.

Ишкананын жетекчиси мындай дейт:

Биз өз бизнесибизди «Кумтөр» долбоорунун бөлүгү катарында сезебиз, жана ушуну менен сыймыктанабыз. «Кумтөр» эсептерди беш күн аралыгында төлөп берген эң сонун кардар.

Эки жыл мурда фермасы өзүнүн кардарлар базасын жаңы заказчылар менен кеңейте баштап, алар учурда бизнесинин 50%ын түзөт. Чарбадагы тооктордун саны 12 000ге жетип, жылына 3 млн. жумуртка өндүрүлөт. Ферма 100 үй-бүлөдөн ижарага алган 500 гектарга жакын жерде тооктор үчүн тоют өстүрөт, муну менен ал үй-бүлөлөргө да экономикалык пайда берет.

Атайын кийим менен камсыздоочу

Атайын кийим менен камсыздоочу

«Кумтөрдүн» устаканаларында иштеген механиктерден баштап, ашкана кызматкерлерине чейин, жалпысынан болжол менен 2 700 жумушчу, татаал климаттык жана өндүрүштүк шарттарга ылайык келчү атайын жумушчу кийимге муктаж. Бул атайын кийимдин басымдуу бөлүгүн Ысык-Көл областынын Каракол шаарында жайгашкан жергиликтүү ишканасы чыгарат. Аны Япониянын эл аралык кызматташуу агенттигинин (JICA) потенциалды арттыруу боюнча программасынын бүтүрүүчүсү, ишкер жетектейт. Биздин сапат стандарттарыбызга, берүүлөрдүн көлөмдөрүнө жана коопсуздук техникасы боюнча талаптарыбызга дал келүү жөндөмдүүлүгүн көрсөтүп, натыйжада негизги берүүчүбүз болуп калды. Ишканасы 2003 жылы түптөлгөн. Азыр ишкананын штатында 120 адам эмгектенет. Эсептерди кечиктирип төлөө Кыргыз Республикасындагы жеке жана мамлекеттик секторунда жалпы көйгөй болуп саналат. Бул чакан бизнес үчүн чоң тобокел жана коркунуч жаратат.

Өндүрүмдү бергенден кийин анын акысын көп кардарлардан төлөөнү күтүүгө туура келет. «Кумтөргө» келсек, төлөм тез жүргүзүлөт

Ал мындай деп да баса белгилейт:

«Кумтөр» менен келишим башка потенциалдуу кардарлар үчүн сапат белгиси болуп саналат.

Бул ишканага өзүнүн кардарлардын санын көбөйтүүгө жана базасын кеңейтүүгө жардам берип, эми жаңы кардарлардын үлүшү бизнестин 70% түзөт. Ишканасынын ийгилиги ага Кыргызстандын экономикасы менен жергиликтүү коомчулукка олбурлуу салым кошууга мүмкүндүк берет. Аймакта иш орундарын түзүү менен бирге, ишкана спортту, жаштарды, социалдык жактан камсыздандырылбаган жараандарды жана айлана-чөйрөнү коргоо долбоорлорун колдоодо. Бул мекеме сапат сыйлыгынын жеңүүчүсү болуп, 2014-ж. январь айында “өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн”

Кыргыз Республикасынын Президентинин сыйлыгын алган.

Майдалоочу топтордун жергиликтүү камсыздоочусу

Майдалоочу топтордун жергиликтүү камсыздоочусу

Кендин ичинде камтылган таза алтынды чыгарып, андан аркы иштетүүгө жибериш үчүн, Кумтөр тоо кенинде жыл сайын 5 млн. тоннадан ашуун кен майдаланып, кумга айландырылат. Бул процессте, Кумтөрдун тегирмендеринде колдонулчу 8000 тонна майдалоочу болот топтор талап кылынат. Бул болот топтор негизги чыгымдалуучу материал болуп саналып катуулугу, химиялык курамы, формасы жана өлчөмү боюнча белгиленген техникалык мүнөздөмөлөргө жооп берүүсү тийиш. 2012-ж. чейин Кумтөрдө колдонулган майдалоочу топтордун дээрлик бардыгы чет өлкөлөрдөн алынып келчү. Жергиликтүү ишканасы, 2012-ж. негизделип, өзүнүн эн негизги максаты катары «Кумтөрдү» майдалоочу топтордун бир бөлүгү менен камсыздоо болду. 2014 жылдын аягына чейин, «Кумтөр» сатып алган майдалоочу топтордун жалпы 4283,96 тонага жеткен. Бул, биздин ишкананын жергиликтүү сатып алуу тармагын колдоо жана өркүндөтүү жөнүндө алган милдеттерибиздин ишке ашырылып жатканын көрсөтөт. Учурда ишканасы 120га жакын адамды иш орундары менен камсыз кылып келет.