ПЛАНДАШТЫРУУ АДИСИ

ПЛАНДАШТЫРУУ АДИСИ

Жарыяланган: 11 July 2021

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт Пландаштыруу адиси (MS Project).

Билдирүүнүн номери: KGC-21-0105

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:

  • Жумуштарды пландоо, курулуш боюнча пландарга мониторинг жана көзөмөл жүргүзүү;
  • Долбоордун тапшырмаларынын аткарылышы боюнча көзөмөл жүргүзүү;
  • Долбоорлор боюнча отчетторду даярдоо;
  • Чогулуштарды уюштуруу, протоколдорду жүргүзүү, презентацияларды даярдоо;
  • Долбоордук документтерди иштеп чыгууда долбоордун жетекчисине жардам берүү;
  • Долбоордук документтерди администрациялоо (тариздөө, текшерүү, жаңыртуу; макулдашууну коштоо) жана анын аткарылышын көзөмөл кылуу;
  • Долбоорлордун архивин жүргүзүү;
  • Кардарлар жана бөдрөт уюмдар менен иш жүргүзүү;
  • Долбоордун ишинин иерархиялык түзүмүн жана долбоор боюнча жумуштардын курамын иштеп чыгууга катышуу;
  • Долбоордун календардык тармак моделин иштеп чыгуу жана иш жүзүнө ашыруу;
  • Жумуштарды аткаруу ыраатын жана алардын ортосундагы өз ара байланышты аныктоо;
  • Долбоор боюнча иштерди аткаруу үчүн керектүү ресурстарды баалоо жана ишке киргизүү (акча каражаттары, физикалык көлөмдөр, техникалык жабдуулар, адамдар);
  • Кардарлардын жана бөдрөт уюмдарынын жооптуу адистери менен өз ара аракеттенүү;
  • Отчетту иштеп чыгуу жана тапшыруу.

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:

  • Жогорку техникалык билим (өнөр жай жана жарандык курулуш адистигине артыкчылык берилет);
  • Маалымат менен иштегенди билүү (чогултуу, жалпылоо, системалаштыруу);
  • Иш боюнча кат жазышуунун жана сүйлөшүүлөргө катышуунун көндүмдөрү;
  • Келишимдик документтер менен иштөө үчүн негизги принциптерин билүү;
  • Долбоордук командада мамилелерди түзүү жана тил табышып иштөө;
  • MS Office (Excel, Word, Power Point), MS Project программалары менен иштегенди билүү;
  • Тоо-кен тармагындагы өнөр-жай обьекттерин куруунун технологиясын билүү (көзөө, инфраструктураны жасоо, жайларды көрктөндүрүү);
  • Долбоордун календардык-тармактык моделин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча тажрыйбасы сөзсүз түрдө болуу керек;
  • Долбоорлорду / ТЭНнү Кыргыз Республикасынын стандарттарына ылайыкташтыруу;
  • Долбоорлорду / ТЭНди мамлекеттик органдарда бекитүү;
  • Календардык-тармактык пландаштыруу боюнча көндүмдөргө ээ болуу;
  • Долбоордук-сметалык документтерди, ГОСТорду окуу жана түшүнүү;
  • Пландоочунун ири курулуш долбоорлорунда 1 жылдан ашык иш тажрыйбасы болуу керек;
  • Мыкты баарлашуу көндүмдөрү;
  • Англис тилин билүү деңгээли ортодон жогоруу болуу керек (upper intermediate).

Анкета жана резюмени 2021-жылдын 23-июль айынын саат 16.00 кеч эмес  HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.

Анкетаны бул шилтеме боюнча алса болот.https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-21-0105

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.