2022-ЖЫЛДАГЫ ӨНДҮРҮШТҮК ЖЫЙЫНТЫКТАР

2022-ЖЫЛДАГЫ ӨНДҮРҮШТҮК ЖЫЙЫНТЫКТАР

Жарыяланган: 25 May 2023

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (мындан ары – КГК) 2022-жылдагы ишинин жыйынтыгын чыгарды. «Кумтөр» кенинде өткөн жылы 556 375 унция же 17 305 кг алтын өндүрүлгөн. 2022-жылы Кайра каралган инвестициялык макулдашуунун (КИМ) алкагындагы Кыргыз Республикасынын бюджетине которулган салыктар, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна болгон чегерүү жана башка милдеттүү төлөмдөр 387,7 млн АКШ долларын (32,2 млрд. сом) түздү.

2022-жылы КГКнын ишмердүүлүгүндөгү маанилүү окуялар:

2022-жылдын 4-апрелинде Кыргыз Республикасы, «Кыргызалтын» ААК, «Центерра Голд Инк.» ортосунда Глобалдык жөнгө салуу келишимине кол коюлуп, ал келишимге «Кумтөр Голд Компани» ЖАК (КГК) жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖАК (КОК) да кол коючу тарап болуп, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы №102 Токтому менен бекитилген. Аталган Глобалдык макулдашууну аткаруу үчүн «Центерра Голд Инк.» КГКнын 100% акциясын жана КОКтун 100% акциясын «Кыргызалтын» ААКсына өткөрүп берген. 2022-жылдын 2-августунда көз карандысыз реестр каттоочу «Кыргызалтын» ААКтын КГК менен КОКтун акцияларына менчик укугун каттаган.

2022-жылдын 23-августунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №446-р буйругу менен КГКда убактылуу тышкы башкаруу токтотулган.

2022-жылдын 23-августунда КГКнын жалгыз акционери болгон «Кыргызалтын» ААКтын чечимдерине ылайык КГКнын Директорлор кеңеши куралган.

Директорлор кеңешинин 2022-жылдын 23-августундагы чечими менен КГКнын Төрагасы жана Башкармалыктын мүчөлөрү шайланган. “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын Президенти, (Башкармалыктын Төрагасы) болуп Барыктабасов Алмазбек Арыстанбекович бекитилген.

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын үзгүлтүксүз өндүрүштүк, чарбалык жана башка ишмердүүлүгүн камсыз кылуу жана «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын ички көзөмөл тутумун туруктуу жүргүзүү максатында Акционерлердин кезексиз жалпы чогулушунун (жалгыз акционер «Кыргызалтын» ААКы) 2-ноябрдагы чечими менен 2022-жылдын август айынан декабрь айына чейинки Ишмердүүлүк бюджети бекитилген.

КГК 19 400 (он тогуз миң төрт жүз) нускадагы жөнөкөй энчилүү акцияларды чыгаруу менен уставдык капиталын 97 000 (токсон жети миң) сомго көбөйттү. 2022-жылдын 2-декабрында КГК Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы тарабынан жөнөкөй энчилүү акциялардын экинчи чыгарылышынын жыйынтыгын таануу жөнүндөгү чечимин алган. Уставдык капитал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирилип, азыркы учурда 100 000 (жүз миң) сомду түзөт.

2022-жылдын 7-декабрында КГК Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынан мамлекеттик кайра каттоодон өттү.

Өндүрүштүк ишмердүүлүк:

2022-жылга карата алтын өндүрүүнүн көлөмү мурда казылып алынган кампалардагы рудалардын запастарын кайра иштетүүнү эске алуу менен 556 375 унция же 17 305 кг алтынды түзсө, 2021-жылы 468 136 унция же 14 561 кг алтынды түзгөн. Алтын өндүрүүнүн көбөйүшү кен фабрикасына жиберилген рудадагы алтындын курамынын жогору болушу, ошондой эле рудадан металлды алуу коэффициентинин жогорулашына байланыштуу болгон.

Даяр продукцияны сатуу:

«Кумтөр Голд Компани», «Кыргызалтын» ААК жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2009-жылы түзүлгөн Алтынды жана күмүштү сатуу боюнча кайра каралган келишимде (АКСКК) көрсөтүлгөндөй, «Кумтөр» кенинде өндүрүлгөн Доре куймалары «Кыргызалтын» ААК тарабынан Кара-Балта шаарындагы аффинаждык заводдо андан ары кайра иштетүү үчүн сатылып алынат.

Аффинаждалган алтынды жана күмүштү Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкары сатуу боюнча өзгөчө укукка АКСККтын жоболоруна ылайык, «Кыргызалтын» ачык акционердик коому гана ээ.

2022-жылы алтынды сатуудан түшкөн жалпы киреше 986,5 миллион долларды түздү. Ал эми 2021-жылы 856,0 миллион долларды түзгөн.

Кыргыз Республикасынын бюджетине болгон төлөмдөр жана милдеттүү төгүмдөр:

2009-жылдагы Кайра каралган инвестициялык макулдашуу (КИМ) боюнча, 2022-жылы Кыргыз Республикасынын бюджетине которулган салыктар, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна болгон чегерүү жана башка милдеттүү төлөмдөр 387,7 млн ​​АКШ долларын (32,2 миллиард сом) түздү.