«Кумтɵр» компаниясы жана КР Кызыл Жарым ай Улуттук коому менен балдарды коопсуздук техникасынын негиздерине окутуу боюнча тренинг ɵткɵрдү

«Кумтɵр» компаниясы жана КР Кызыл Жарым ай Улуттук коому менен балдарды коопсуздук техникасынын негиздерине окутуу боюнча тренинг ɵткɵрдү

Жарыяланган: 05 July 2017

2017-жылдын 23-июнунда Work Safe – Home Safe программасынын алкагында Администрация жана персоналды ɵнүктүрүү бɵлүмү Кыргыз Республикасынын Кызыл Жарым ай Улуттук коому менен бирге Бишкек шаарында балдар үчүн коопсуздук техникасынын негиздерине окутуу уюштурду. Иш чаранын максаты – балдарга коопсуз жүрүм-турум маданиятын сиӊирүү. Биринчи медициналык жардам кɵрсɵтүү, жер титирɵɵдɵ, сел жүргɵндɵ жана башка ɵзгɵчɵ кырдаалдарда ɵзүн кантип алып жүрүү – тренингдин негизги темалары ушулар болду. Кыргызстан – тоолуу ɵлкɵ. Ошондуктан тренингде басым дал ушундай жерлерге мүнɵздүү ɵзгɵчɵ кырдаалдарга жасалды.
Тажрыйбалуу педагогдор жеткиликтүү формада балдарга бейтааныш адамдар менен баарлашуу эрежелери жɵнүндɵ айтып беришти. Балдар маалыматты оӊой кабыл алышы жана эстеп калышы үчүн оюндуу сабактар уюштурулду. Ошондон улам балдар биринчи жардам кɵрсɵтүү кɵндүмдɵрүн ɵздɵштүрүштү. Мектепте коопсуз жашоонун негиздери боюнча балдар кɵп учурда теорияны гана билишсе, мындай тренингдер – теориялык билимдерди практикада бекемдɵɵнүн эӊ сонун мүмкүнчүлүгү.
Балдарды окутуу Кыргыз Республикасынын Кызыл Жарым ай Улуттук коому менен «Кумтɵр Голд Компани» компаниясынын биринчи биргелешкен долбоорунун алкагында уюштурулду. Уюштуруучулар муну менен эле чектелип калууга ниеттенишкен жок. Планда – региондорго чыгуулар бар.
Эч ким карап турбаса да туура (коопсуз) жүргүн!