Кумтөр АРС ишканасы өндүргөн үзгүлтүксүз/резервдик кубаттуулук булактарынын сервистик тейлөөсүн, кепилдик ичиндеги жана кепилдик бүткөндөн кийинки оӊдоо иштерин жүргүзүү үчүн ишканаларды жана жеке ишкерлерди кызматташууга чакырат

Кумтөр АРС ишканасы өндүргөн үзгүлтүксүз/резервдик кубаттуулук булактарынын сервистик тейлөөсүн, кепилдик ичиндеги жана кепилдик бүткөндөн кийинки оӊдоо иштерин жүргүзүү үчүн ишканаларды жана жеке ишкерлерди кызматташууга чакырат

Жарыяланган: 03 June 2016

ТЕНДЕР ЖАБЫК

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (КГК), АРС ишканасы өндүргөн үзгүлтүксүз/резервдик кубаттуулук булактарынын сервистик тейлөөсүн, кепилдик ичиндеги жана кепилдик бүткөндөн кийинки оӊдоо иштерин жүргүзүү үчүн ишканаларды жана жеке ишкерлерди кызматташууга чакырат.

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК, АРС ишканасынын тастыкталган тейлөө өнөктөшү болгон жана штатында тастыкталган адистери бар ишкана жана жеке ишкерлердин сунуштарын карап чыгууга даярдыгы жөнүндө кабарлайт. Үстүндө «Үзгүлтүксүз/резервдик кубаттуулук булактарын тейлөө жана оӊдоо» деп жазылган бардык сунуштар Бишкек шаары, Ибраимов кѳчѳсү 24, “Учкун” АКнун имараты, 14 кабат дарегине, 30 июнь 2016 жыл, 17:00 чейин жөнөтүлүшү керек.

Кошумча маалымат алуу үчүн kumtor_localbuyer@kumtor.com электрондук дарегине кайрылыңыз.

КГК менен потенциалдуу тейлөө өнөктөштөрү ортосундагы макулдашуунун негизинде Кумтөр кен жайына жана Ишканабыздын башка объектилерине таанышуу негизинде сапар уюштурулушу мүмкүн.

КГК ишканасы, ар-кайсы сунуштун бүтүнүн же белгилүү бир бѳлүгүн кабыл алуу же албоо укугун сактайт. Ошонун негизинде, потенциалдуу тейлөө өнөктөштөрүнүн бул чакырууга байланыштуу жасаган чыгымдарынын ордун толтуруу милдеттенмесинен баш тарткандыгын КГК ачык жана айкын билдирет.