«КУМТӨР ОПЕРЕЙТИНГ КОМПАНИ» «ТОҢ-ФИНАНС» МКАНЫН КРЕДИТТИК ПОРТФЕЛИН ҮЧ ЖҮЗ МИҢ ДОЛЛАРГА КӨБӨЙТТҮ

«КУМТӨР ОПЕРЕЙТИНГ КОМПАНИ» «ТОҢ-ФИНАНС» МКАНЫН КРЕДИТТИК ПОРТФЕЛИН ҮЧ ЖҮЗ МИҢ ДОЛЛАРГА КӨБӨЙТТҮ

Жарыяланган: 22 March 2012

«КУМТӨР ОПЕРЕЙТИНГ КОМПАНИ» «ТОҢ-ФИНАНС» МКАНЫН КРЕДИТТИК ПОРТФЕЛИН ҮЧ ЖҮЗ МИҢ ДОЛЛАРГА КӨБӨЙТТҮ
Бөкөнбаев айылындагы “Тоң-Финанс” МКАнын кредиттик портфели үч жүз миң АКШ долларына көбөйтүлдү. Бул жөнүндө “Кумтөр Оперейтинг Компанинин” жетекчилиги тарабынан 14-мартта регионалдык комитеттин Тоң районундагы отурумунда жарыяланды.

Бул микрокредиттик агенттик “Кумтөр” компаниясы тарабынан 2011-жылдын августунда “Кумтөр Оперейтинг Компани” өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн регион менен өз ара пайдалуу кызматташууну түзүүнүн алкактарында ачылган.

Микрокредиттөө идеясы жергиликтүү бийликтер тарабынан сунушталган жана регионалдык комитет тарабынан колдоого алынган, анткени Тоң районунун калкы кичи бизнести жана фермердик чарба жүргүзүүнү өнүктүрүү үчүн жеткиликтүү каражаттарга өтө муктаж. “Тоң-Финанс” МКАсында өндүрүш, кайра иштетүү жана кызматтарды берүү үчүн кредиттер боюнча үстөк пайыздын ставкасы 12%ды, ал эми малчылык жана дыйканчылык үчүн – 10%ды түзөт, бул коммерциялык банктардагыдан төмөн.

Агентство болгону 6 ай мурда ачылганына карабастан, 46 долбоор финансыланган, аларда 75 иш оруну түзүлгөн.