«Кумтөр Голд Компани» Жазуучулардын бүткүл дүйнөлүк конгрессин Кыргызстанда өткөрүүнү колдоду

«Кумтөр Голд Компани» Жазуучулардын бүткүл дүйнөлүк конгрессин Кыргызстанда өткөрүүнү колдоду

Жарыяланган: 10 July 2014

Бүгүн, 2014-жылдын 10-июлунда саат 16:00дө үстүбүздөгү жылдын сентябрь-октябрында Бишкек шаарында өтө турган Жазуучулардын 80-бүткүл дүйнөлүк конгрессине карата акциялардын сериясынан биринчиси башталмакчы.

Биринчи акция эл акыны Токтогул Сатылгановдун эстелигинин жанында (А.Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын бет маңдайында) өтөт. Иш чаранын катышуучуларына Жазуучулардын борборазиялык клубунун президенти Далмира Төлөпбергенова Жазуучулардын бүткүл дүйнөлүк конгрессин Кыргызстанда өткөрүүнүн максаттары жөнүндө кеңири айтып бермекчи. Ошондой эле атамекендик эстрада жылдыздары жана театр артисттери оюн көрсөтүшмөкчү.
Мындай акциялар ушул жылдын сентябрь айына пландаштырылган жана Чыңгыз Айтматовго арналган Конгресс башталганга чейин ар айда өтмөкчү. Дүйнөнүн 104 өлкөсүнөн жазуучулар, акындар жана журналисттер 80-конгресстин делегаттары болушмакчы.

Маалымат үчүн:

Эл аралык ПЕН-клуб – ар кандай жанрларда иштешкен кесипкөй жазуучуларды, акындарды жана журналисттерди бириктирген эл аралык өкмөттүк эмес уюм. ПЕН – ручка, уч деген сөзгө алып келген «poet» (акын), «essayist» (эссеист), «novelist» (романист) деген англис сөздөрүнөн түзүлгөн аббревиатура. Уюмдун максаты болуп бүткүл дүйнөнүн жазуучуларынын чыгармачыл кызматташуусуна көмөктөшүү саналат. Көркөм котормо практикасын өнүктүрүү да – ПЕН-клубдун максаты. Уюм түрмөдө камалып жаткан, өз чыгармаларын алдыга жылдырууда кыйынчылыктарга тушуккан жазуучуларды колдойт. ПЕН-клуб – бул Бүткүл дүйнөлүк (же Эл аралык) жазуучулар союзу. Бүткүл дүйнөлүк 80-конгресс жөнүндө төмөнкү шилтемеден да билүүгө болот: http://pencongressbishkek.kg/