«Кумтɵр» компаниясы Кыргызстанда психикалык саламаттык маселелерине арналган Эл аралык жаштар жумалыгын ɵткɵрүүнү колдоого алды

«Кумтɵр» компаниясы Кыргызстанда психикалык саламаттык маселелерине арналган Эл аралык жаштар жумалыгын ɵткɵрүүнү колдоого алды

Жарыяланган: 18 August 2014

2014-жылдын 12-19-августунда Кыргызстанда «Мен – адаммын! Психикалык саламаттык – бул ар бир адамдын укугу» ураны алдында психикалык саламаттык маселелерине арналган Эл аралык жаштар жумалыгы ɵтɵт. Уюштуруучулар БУУнун КРдагы Ыктыярдуулар программасы, КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги, КРнын Футбол федерациясы ж.б. болушууда.

Быйыл Эл аралык жаштар жумалыгынын алкактарында ɵткɵрүлүүчү иш чаралардын негизги максаты болуп биргелешкен, анын ичинде спорттук мүнɵздɵгү акцияларды ɵткɵрүү жолу менен психикалык саламаттыгы бузулган жаш адамдарга карата психикалык оорулуу адам катары стигманы алып салуу саналат. Бүткүл дүйнɵлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнɵдɵ 500 миллионго жакын адам писхикалык саламаттыктын бузулушунан же психиканын бузулуусунан жапа чегет. Статистикага ылайык, Кыргызстанда 68 миӊден ашуун адам психикалык саламаттыгынын бузулуусунан жапа чегет, анын тɵрттɵн бирин жаштар түзɵт. Кɵп учурда бул адамдар дискриминациядан жапа чегишет, ал, ɵз кезегинде, социалдык изоляцияга алып келет жана ɵз убагында жардам үчүн кайрылууга тоскоол болот.

«Кумтɵр» компаниясы Кыргызстанда Эл аралык жаштар жумалыгын ɵткɵрүүгɵ финансылык колдоо кɵрсɵттү. Түшүндүрүү ɵнɵктүгүнɵ концерт, «Мен – адаммын» футболдук турнири, дебаттар конкурсу, фотокɵргɵзмɵлɵрдүн сериясы, жаштар үчүн психоневрологиялык үйлɵргɵ баруулар, ошондой эле психикалык саламаттык маселелери боюнча форум да кирет. Иш чаралардык географиясы ɵзүнɵ Бишкекти да, ошондой эле республиканын региондорун да камтыйт.
2014-жылдын 16-августунда КРнын Футбол федерациясынын талааларында 8 команданын катышуусу менен мини-футбол боюнча «Мен – адаммын!» чоӊ турнири ɵттү. Андан тышкары, кыздардын футбол командаларынын катышуусу менен кɵргɵзмɵлүү матч да болду. Турнирдин жыйынтыгы менен биринчи орунду «Ат-Баши Буллс» командасы ээледи. Турнирдин бардык жеӊүүчүлɵрүнɵ медалдар жана эстелик белектер тапшырылды.

«Биз Кыргызстандагы жаштар жумалыгын колдоого алууга кубанычтабыз, анткени, бул ɵзгɵчɵ долбоор. Социалдык жоопкер компания катарында биз адамдарга учурдагы болгон татаалдыктар жɵнүндɵ маалымдоо жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ар кандай колдоо кɵрсɵтүү ɵтɵ маанилүү деп эсептейбиз. Жума бүт бойдон башка жарандар чектелген мүмкүнчүлүгү бар балдар жана ɵспүрүмдɵр кандай проблемаларга туш келгенин жана саламаттыктын абалындагы мүмкүн болуучу ар түрдүүлүктɵр адам укуктарын жүзɵгɵ ашырууда тоскоолдук болбоого тийиштиги фактысын баса белгилɵɵ менен стигмадан арылуу үчүн эмне жасоого боло тургандыгын түшүнүүсүнɵ багытталган», – деп белгиледи «Кумтɵр Голд Компанинин» туруктуу ɵнүктүрүү боюнча директору Дуглас Гриер.

Маалымат үчүн: Жаштардын эл аралык жумалыгы салттуу түрдɵ бүтүндɵй дүйнɵ боюнча майрамдалат жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) расмий окуяларынын тизмесине кирет. Эл аралык жаштар күнү (International Youth Day) Лиссабондо 1998-жылдын 8 – 12-августунда болуп ɵткɵн Жаштар иштери боюнча министрлердин бүткүл дүйнɵлүк конференциясынын сунушу боюнча БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан 1999-жылдын 17-декабрында белгиленген. Биринчи жолу Эл аралык жаштар күнү 2000-жылдын 12-августунда майрамдалган. 2013-жылы Жаштардын эл аралык күнү «Жаштардын миграциясы – ɵнүгүү жолундагы прогресс» темасына арналган.