Кумтɵрдүн колдоосу менен орто мектептердин 23 бүтүрүүчүсү Бишкектин лицейлеринде окумакчы

Кумтɵрдүн колдоосу менен орто мектептердин 23 бүтүрүүчүсү Бишкектин лицейлеринде окумакчы

Жарыяланган: 01 October 2015

2015-2016-окуу жылына 106 билдирме алынган. Алардын ичинен «Кумтɵр Голд Компанинин» стипендиаттары катарында 23 адам тандалып алынды. Алардын 11и № 91 лицейде окуп жатат, жана аяктагандан кийин ашпозчу/наабайчы адистиги боюнча диплом алмакчы. Он экөө болсо № 27 лицейде «автомеханик» адистигине окуп жатат.

Жаштар «Кумтɵр Голд Компанинин» Кыргыз Республикасындагы ишмердүүлүгүндɵ башкы кызыкдар тараптардын бири, мына ошондуктан КГК корпоративдүү социалдык жоопкерчилик жɵнүндɵ ɵз программаларында жаш муун мектепти аяктагандан кийин ɵздɵрүн кɵрсɵтɵ жана андан аркы кесиптик ишмердүүлүгүнɵ пайдубал түзɵ алуусуна мүмкүндүк берүү үчүн алардын кесиптик ɵсүшүн камсыз кылууга умтулат.

Стипендиялардын аймактык программасы 15 жыл мурда башталып, учурда жергиликтүү калк арасында жакшы тааныла алды, себеби бул мезгилде Жети-Ɵгүз, Ак-Суу, Тоӊ райондорунан жана Балыкчы шаарынан жаштарга 141 стипендия берилген. Компаниянын стипендиаттары Бишкектин лицейлеринде окушат жана компания алардын окуусу, жатаканада жашоосу үчүн акыны толук камсыздап, ай сайын стипендия тɵлɵйт.

Бул программаны жүзɵгɵ ашыруу үчүн 2015-2016-окуу жылына компаниядан 2,9 миллиондой сом бɵлүнгɵн, ал эми программа жүзɵгɵ ашырыла баштаган 2000-жылдан баштап ага 20 миллиондой сом жумшалган. 2000-жылы болгону 4 стипендиат болсо, бара-бара программа олуттуу кеӊейтилди жана быйыл 23 стипендиатты канатына алды.

“Стипендиялар программасы аймактын бүтүндɵй жаштары арасында чоӊ ийгиликке ээ болууда, бул жɵнүндɵ жылыга келип түшкөн билдирмелер күбɵлɵп турат. Чынында эле, балдар турмушундагы ийгиликтерге «Кумтɵр Голд Компаниден» алтын ачкыч алып жатышкандай”, – деп белгиледи Норм Бобосел.