“Кумтөр” өлкөдөгү балдар-өспүрүмдөр спорттун өнүгүшүн колдойт

“Кумтөр” өлкөдөгү балдар-өспүрүмдөр спорттун өнүгүшүн колдойт

Жарыяланган: 26 August 2021

25 августта “Кумтөр Голд Компанинин” (КГК) өкүлдөрү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебине (ДЮСШ) жабдууларды жана спорттук кийим формаларды тапшырышты. Бул иш-чара жаңы окуу жылынын алдында жаш спортчуларга күтүлбөгөн белек болуп калды. Балдарга керектүү буюмдарынын тизмесин машыктуруучулары түзүштү: күрөш триколорлор, бутсылар, футболдук топтор жана ж.б.

“Кумтөр” компаниясы өлкөнүн келечеги үчүн өсүп келе жаткан муундун маанилүүлүгүн түшүнүп, республиканын балдар спорт мекемелерине салттуу түрдө жардам берет.

Жети-Өгүз райондун ДЮСШ мектеби Кыргызстанда эң күчтүүлөрдүн бири. Мектептин тарбиялануучулары эл аралык жана республикалык сынактарда байгелүү орундарды ээлеп келишет. Мектепте 380 окуучулары окушат, 26 машыктыруучу иштейт, алар спорттун 16 түрү боюнча секцияларда машыктыруу сабактарын өткөрүшөт.

“Бизде күрөшчүлөрдүн формасы боюнча чоң көйгөй бар болчу. Бул көйгөй азыр чечилди. Биз “Кумтөрдүн” жетекчилигине жана бардык кызматкерлерге, ушундай мыкты белек жана сапаттуу спорттук инвентарь үчүн абдан ыраазыбыз. Спорттук секцияларга мүмкүн болушунча көбүрөөк балдарды жана өспүрүмдөрдү тартуу менен, биз алардын ашып-ташыган энергиясын жакшы багытка жумшайбыз жана алардын профессионалдуу спорттук ийгиликтерге болгон умтулуулары келечектеги Олимпиада чемпиондоруна алып келет деп үмүттөнөбүз “, – деди Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун спорт комитетинин башчысы Сагынбек Жумаев.

_____________________________________

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК (КГК) өз ишинде ачыктык жана айкындуулук философиясын сактап келет. КГКнын ишкердиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына гана баш ийет.