«Кумтɵрдүн» куткаруучулары кɵп түрдүү куткаруучулук таймашка катышты

«Кумтɵрдүн» куткаруучулары кɵп түрдүү куткаруучулук таймашка катышты

Жарыяланган: 10 October 2017

2016-жылдын 7-октябрында Кыргыз Республикасынын Ɵзгɵчɵ кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун полигонунда кɵп түрдүү куткаруучулук таймаш боюнча ар жылдык 17-республикалык мелдеши болуп ɵттү. Бул мелдеш ар жылы Ɵзгɵчɵ кырдаалдар министрлиги тарабынан «Кумтɵр Голд Компани» колдоосунда жана катышуусунда ɵткɵрүлɵт.
Быйылкы жылы жɵндɵмдүүлүктɵрүн жана тажрыйбалык кɵндүмдɵрүн беш команда кɵрсɵттү: «Кыргызалтын» ААКсынын командасы, КРнын ƟКМсынын куткаруучулар командасы жана «Кумтɵр» компаниясынан үч команда – «Кумтɵр-2», «Кумтɵр-3» жана «Балыкчы КГК».
Мелдеш ɵзүнɵ кɵп кабаттуу объектиде куткаруу иштерин жүргүзүүнү, жабыркагандарды химиялык уулануу зонасынан эвакуациялоону жана химиялык булгануу очогун жоюуну камтыды. Мелдештин башкы максаты – издɵɵ-куткаруу иштеринжүргүзүү жɵндɵмүн жана тажрыйбалык кɵндүмдɵрдү текшерүү, издɵɵ-куткаруу иштерин жүргүзүүнүн алдыңкы ыкмалары менен таанышуу.
Ɵткɵн жылдагыдай эле биринчи орунду КРнын ƟКМсынын кесипкɵй куткаруучулар командасы ээледи. Экинчи орун – «Кумтɵр-3» командасында, үчүнчү орун – «Кумтɵр-2» куткаруучулар командасында. Мелдештин жыйынтыгы боюнча жеңүүчү командалар жана байгелүү орундарды ээлегендер кубоктор жана вымпелдер менен сыйланышты, а бардык катышуучулар эстелик белектерди алышты.
«Кумтɵрдүн» куткаруучулары дагы бир жолу ɵздɵрүн кырсык болгондо дайыма жардамга келүүгɵ даяр жогорку класстагы адистер катарында кɵрсɵтɵ алышты. Эске салсак, «Кумтɵр Голд Компанинин» тоо-кен куткаруучуларынын бардык үч командасы Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунда окутуудан жана ар жумалык негизде үзгүлтүксүз теориялык окутуудан жана практикалык даярдыктан ɵтүшкɵн ыктыярчылардан турат.