«Кумтɵрдүн» куткаруучулары кɵп түрдүү куткаруучулук боюнча ар жылдык 18-таймашка катышышты

«Кумтɵрдүн» куткаруучулары кɵп түрдүү куткаруучулук боюнча ар жылдык 18-таймашка катышышты

Жарыяланган: 25 September 2018

2018-жылдын 22-сентябрында “Кумтɵрдүн” куткаруучулары кɵп түрдүү куткаруучулук мелдеш боюнча ар жылдык 18-республикалык таймашка катышышты. Салт болуп калган бул иш-чара жылга Ɵзгɵчɵ кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун базасында «Кумтɵр Голд Компанинин» уюштуруучулук колдоосунда ɵткɵрүлɵт.

Быйыл жɵндɵмдүүлүктɵрүн жана тажрыйбалык кɵндүмдɵрүн тɵрт команда: КРнын ƟКМсынын куткаруучулары жана «Кумтɵр Голд Компаниден» үч команда – «Кумтɵр-1», «Кумтɵр кен ишканасы» жана «КГКнын Балыкчы ɵткɵɵл базасы» кɵрсɵтүштү. «Кумтɵр Голд Компанинин» тоо-кен куткаруучуларынын үч командасы тең Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунда машыгуудан жана кен ишканасында үзгүлтүксүз, ар жумалык негизде ɵтүүчү теориялык окутуудан жана тажрыйбалык даярдоодон ɵтүшкɵн ыктыярчы кызматкерлерден туруат.

Мелдеш ɵзүнɵ кɵп кабаттуу объектиде куткаруу иштерин жүргүзүүнү, жабыркагандарды химиялык уулануу зонасынан жана урандылардын астынан эвакуациялоону, ошондой эле химиялык булгануу очогун жоюуну камтыды. Мелдештин башкы максаты – издɵɵ-куткаруу иштерин жүргүзүү жɵндɵмүн жана тажрыйбалык кɵндүмдɵрдү текшерүү, издɵɵ-куткаруу иштерин жүргүзүүнүн алдыңкы ыкмалары менен тааныштыруу.
Негизги күрɵш “Кумтɵр” компаниясынын үч командасы ортосунда болду. Мелдеш ээлери – ƟКМдин кесипкɵй куткаруучулар командасы бул жолу таймаштан тышкары катышты. Биринчи орунду – “Кумтɵр-1” командасы, экинчи орунду – «КГКнын Балыкчы ɵткɵɵл базасы” командасы, үчүнчү орунду – «Кумтɵр кен ишканасы» командасы ээлешти. Мелдештин жыйынтыгы боюнча жеңүүчү командалар кубоктор жана вымпелдер менен сыйланып, а бардык катышуучулар эстелик белектерди алышты.

«Мындай таймаш балдарды чыңалтат, ɵздɵрүнүн эмнеге жɵндɵмдүү экенин, эмнени үйрɵнүшкɵнүн кɵрсɵтүүгө мүмкүнчүлүк берет. “Кумтɵрдүн” куткаруучулары ɵздɵрүн кырсык болгондо жардамга келүүгɵ дайыма даяр, жогорку класстагы адистер катары дагы бир жолу ийгиликтүү кɵрсɵтɵ алышты», – деп белгиледи «Кумтɵр Голд Компанинин» эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы бɵлүмүнүн начальниги Талайбек Джусупов.