«Кумтөр» компаниясы биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча Стратегияны жана Иш чаралар планын иштеп чыкты

«Кумтөр» компаниясы биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча Стратегияны жана Иш чаралар планын иштеп чыкты

Жарыяланган: 22 January 2013

«Кумтөр» компаниясы биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча Стратегияны жана Иш чаралар планын иштеп чыкты

“Кумтөр” компаниясынын ишмердүүлүгүндөгү приоритеттердин бири биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо болуп саналат, ал өзүнө кен ишканасынын бардык өндүрүштүк циклиндеги пландаштырууга жана жерлерди рационалдуу пайдаланууга комплекстүү мамилени камтыйт, ошондой эле бул чөйрөдө бардык кызыкдар тараптар менен кызматташууну билдирет. Бул иштин алкактарында “Кумтөр” компаниясы биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча Стратегияны жана Иш чаралар планын иштеп чыкты.

Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча Стратегия жана Иш чаралар планы Кыргыз Республикасында иштеп жаткан тоо-кен компаниясы тарабынан иштелип чыккан биринчи мындай документ. Стратегия адистердин жана өкмөттүк эмес сектордун өкүлдөрүнүн жана башка кызыкдар тараптар “Кумтөр” компаниясы 2012-жылдын октябрында өткөргөн семинарда (караңыз: 2012-ж. 20-октябрындагы маалыматтык билдирүү) айтышкан рекомендацияларды эске алуу менен түзүлгөн жана төмөнкүлөр сыяктуу эл аралык жана жергиликтүү өнөктөш уюмдар менен кызматташуунун мурдагы тажрыйбасына таянат:
• Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкы,
• Эл аралык финансы корпорациясы,
• «Фауна жана Флора Интернешнл»,
• Сарычат-Эрташ мамлекеттик коругу ж.б.

Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча Стратегия жана Иш чаралар планы өзүнө региондун жаратылышынын өзгөчөлүктөрүн сүрөттөөнү жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча маселелерди чечүүгө багытталган иш чаралардын тизмесин камтыйт жана компаниянын утурумдук пландарына киргизилет.

“Кумтөр” компаниясынын президенти Майкл Фишер белгилегендей: “Стратегия жана Иш чаралар планы компания өзүнүн өндүрүштүк ишмердүүлүгүн жүргүзгөн региондогу биз өзүбүзгө алган биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого багытталган милдеттенмелерди расмий бекемдейт. Компания курчап турган чөйрөнү жана экологияны коргоо маселелерине дайыма чоң көңүл бөлүп келген жана бөлүп жатат жана биз планды аткарууга киришип калдык. «Кумтөр» «Фауна жана Флора Интернешнл» уюму менен меморандумга кол койду жана аны менен бизди көп жылдык кызматташтык байланыштырып турган Сарычат-Эрташ коругунда илимий изилдөөлөрдү жана мониторингди жүргүзүүгө көмөк көрсөтөт».

План компаниянын корпоративдик веб-сайтында жарыяланган жана бардык кызыкдар тараптарга сунуш кылынган. Компания бул документти ар жылдык негизде жаңыртууну пландаштырууда.

Планга суроолорду, эскертүүлөрдү жана сунуштарды төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүңүздөр: environment@kumtor.com