«Кумтɵр» компаниясы Жети-Ɵгүз районунун ирригациялык инфраструктурасын реабилитациялайт

«Кумтɵр» компаниясы Жети-Ɵгүз районунун ирригациялык инфраструктурасын реабилитациялайт

Жарыяланган: 18 June 2018

«Кумтɵр» компаниясы ар жылы Ысык-Кɵл областынын Жети-Ɵгүз жана Тоң райондорунун ирригациялык системаларын реабилитациялоого каражаттарды бɵлɵт. 2018-жылы да бул багыттагы финансылоо улантылды. Азыркы учурда «Кумтɵр Голд Компани» Жети-Ɵгүз районунун суу инфраструктурасын реабилитациялоо боюнча долбоорлорго 4,4 млн. сомго жакын жана Тоң районунда каналдын лотокторун алмаштыруу боюнча долбоорго 3,2 млн. сомго жакын инвестициялады. Иштер 2018-жылдын аягына чейин улантылмакчы.

«Калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдɵн кийин кырдаал түп-тамырынан ɵзгɵрдү. Эл ыраазы жана чын жүрɵктɵн «Кумтɵр» компаниясына ыраазычылык билдиришет. Бул жɵн эле сɵз эмес экенине ишениңиздер. Мисалы, Липенка айылынын 1950-жылы салынган ирригациялык системасы совет мезгилинен бери тазаланган жана ремонттолгон эмес. Сугарууда кыйынчылыктар кɵп болчу. Айылда суткалык жɵнгɵ салуу бассейндери да, суу сактагыч да жок. Бизге суу тоодон келет. Быйыл жаз суук болду, мɵңгүлɵр ээрий элек, жана суунун кɵлɵмү эселеп азайды, анын үстүнɵ ирригация системасы каралбаган абалда болгондуктан 40-50% жоготуулар болот. Дагы бир жолу «Кумтɵр» компаниясына чоң рахмат. Анын жардамысыз биздин колдон келбейт болчу!», – дейт Липенка айылынын Суу пайдалануучулар ассоциациясынын директору Жетиген Абдыласов.