«Кумтөр» компаниясы республиканын мектептеринин 10 бүтүрүүчүсүнүн Жаңы муун академиясында окутулуусун финансылады

«Кумтөр» компаниясы республиканын мектептеринин 10 бүтүрүүчүсүнүн Жаңы муун академиясында окутулуусун финансылады

Жарыяланган: 22 July 2013

American University of Central Asia«Кумтөр» компаниясынын финансылык колдоосунан улам аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 10 студент Борбордук Азиядагы Америка университетинин (БААУ) Жаңы муун академиясында (ЖМА) окутуудан өтүү мүмкүнчүлүгүн алышмакчы. Кыргызстандын ар кайсы областтарынан болочок студенттер үчүн демөөрчүлүк жардам окутуунун толук наркын гана эмес, жатаканада жашоого, үч маал тамактанууга жана зарыл окуу материалдарына чыгымдарды да жабат.

Өзүнө 600 академиялык саатты камтыган бир жылда стипендиаттар англис, кыргыз, орус тилдери, тарых, информатика жана так илимдер боюнча интенсивдүү курстардан өтүшөт. Окуу программасы БААУнун өнөктөшү – Бард университетинин жардамы менен иштелип чыккан жана лабораториялык сабактар, сынамык тесттер, семинарлар, экскурсиялар жана башка класстан тышкары иш чаралар да каралган.

«Жаңы муун академиясы өзүнө тарткан демилге болуп саналат, буга окшош нерсе азырынча Борбордук Азияда болгон эмес. «Кумтөр» компаниясы бул программага катышууну чечкендиги бизге өтө жагымдуу, ал 2012-жылдан баштап жүзөгө ашырылууда жана өлкөнүн алыскы райондорунда жашашкан аз камсыз болушкан үй-бүлөлөрдөн келишкен студенттерге Борбордук Азия регионунун эң мыкты студенттери менен катар эле окуудан өтүү мүмкүнчүлүгүн берет. Академиянын бүтүрүүчүлөрү программаны аяктагандан кийин университетке ийгиликтүү өтүү үчүн олуттуу предметтер боюнча өз билимдерин бекемдешет», – деп белгиледи ЖМАнын директору Жанат Хетрик.

«Билим алууга, ар тараптуу өнүгүүгө жана жеңишке жетишүүгө умтулушкан жаш адамдар эми Академияда кошумча билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экендигине биз кубанычтабыз. Программа республиканын бардык региондорун жана мектеп окуучулары сапаттуу билимге дайыма эле жеткиликтүүлүккө ээ болбогон айыл жергесин камтыганы маанилүү. Бул балдар келечекте өз алдыларына коюшкан максаттарына жетише алыша тургандыгына ишенем», – деп белгиледи «Кумтөр» компаниясынын президенти Майкл Фишер.

Маалымат үчүн:

Борбордук Азиядагы Америка университетине караштуу Жаңы муун академиясы бир жылдык интенсивдүү окутуу программасын сунуш кылат, ал мектеп бүтүрүүчүлөрүн ЖОЖдорго өтүүгө даярдайт. Программа өз бүтүрүүчүлөрүнө университетке тапшырууда атаандаштыкка жөндөмдүү болуу мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн орто билимдеги жетишпегендиктердин ордун толтурууга багытталган.