«Кумтөр Голд Компани» мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам көрсөттү

«Кумтөр Голд Компани» мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам көрсөттү

Жарыяланган: 05 December 2017

Эл Аралык майыптар күнү алдында «Кумтөр Голд Компани» Кыргыз Республикасынын Ысык-көл жана Чүй өрөөнүнүн мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарын бириктирген коомдорго жана уюмдарга колдоо көрсөттү.

«Токмоктук сокурлар менен дүлөйлөр кыргыз коомунун билим берүү өндүрүштүк ишканасынын» жана «Аламүдүндүк сокурлар менен дүлөйлөр коомунунун» мүчөлөрүнө, Компания 150 дөй азык-түлүк топтомдорун сатып берип, Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, анын ичинде ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн Сокулуктары реабилитациялоо борборуна эмерек менен тиричилик техникасы жана ширин белектер тапшырылды.

Компания кызматкерлери арасындагы ыктыярчылар азык-түлүк топтомдору менен тиричилик техникасын багыттуу түрдө даректер боюнча өздөрү жеткирип беришти. 1-декабрда, кызматкерлердин тобу «Сокулуктук реабилитациялоо борборуна» суу жылыткыч, үй-эмерегин, жер төшөө жолдуктарын жеткрипи беришти. Ошондой эле, компаниянын кызматкерлери бир нече ай бою чогултушкан кийим-кече менен оюнчуктарды мекеменин администрациясына тапшырышкан.

Жети-Өгүз районунун сокурлар жана дүлөйлөр коому да компаниядан жардам алды – компания үй-эмерек менен кеңсе техникаларын сатып алууга каражат жөнөткөн. Компаниянын колдоосу менен Ак-суулук «Кыялкеч» инклюзивдик борбору бөлмөлөрүн эмерек менен жабдыктайт жана керектүү китептерди сатып алат. Балыкчы шаарындагы 250 дөй ар кандай коомчулуктардын мүчөлөрү компаниядан жылуу жууркандарды алышты. Кайрымдуулук жардамга суроо-талап жөнөтүп, компаниядан колдоого көргөндөр арасында улуттук көз карандысыз мүмкүнчүлүгү чектелген аялдардын ассоциациясы жана Бишкектик Ротари клубу да бар.