«Кумтөр» көлдүк балдарды келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктайт

«Кумтөр» көлдүк балдарды келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктайт

Жарыяланган: 27 December 2012

«Кумтөр» көлдүк балдарды келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктайтДекабрдын башында “Кумтөр” кен ишканасынын кызматкерлери арасында жетим балдар үчүн жылуу кийим сатып алууга каражат жыйноо жөнүндө кулактандырылган. Бир айга жетпеген убакта 174 миң 810 сом чогултулган.

2012-жылдын 25-декабрында кен ишканасынын өкүлдөрү Кажы-Сайдагы “Хадича” балдардын баш калкалоочу жайынын тарбиялануучуларына барышып келе жаткан Жаңы жылы менен куттукташты. Белектерден тышкары, балдар жылуу кышкы бут кийимдерди, байпактарды, пуловерлерди, канцелярдык буюмдарды, чач кыстыргычтарды ж.б. буюмдарды алышкан. Баш калкалоочу жайдын директорунун өтүнүчү боюнча 15 миң сом имаратты электр менен жабдууга акы төлөөгө жумшалган. Компания эки машина отун да берди. Андан тышкары, барган кызматкерлер КОКтун кызматкерлеринин каражаттарына мурда сатылып берилген техника максаттуу пайдаланылып жана балдарга кызмат кылып жатышканына ынанышты.

Ысык-Көл областынын башка балдар үйлөрүндөгү балдар да көңүл буруусуз калышпайт. Эртең ишкананын өкүлдөрү Балыкчыдагы “Тянь-Шандын балдары” балдар үйүнүн тарбиялануучуларга барышмакчы, а ишемби күнү “Кызыл-Суудагы “Келечек” балдар үйүндөгү жана майып балдар күндүзү болучу “Арча” борборуна барышат.

* * *

Бул жумада «Кумтөр Оперейтинг Компани» 2000ге жакын белекти региондун окуучуларына жана балдар бакчаларынын тарбиялануучуларына беришти. Салттуу жаңы жылдык белектерди Тосор, Тамга, Барскоон, Чоң-Жаргылчак, Кичи-Жаргылчак, Ак-Шыйрак айылдарынын мектептериндеги башталгыч класстардын окуучулары алышты. Тамга жана Барскоон айылдарындагы балдар бакчаларынын тарбиялануучулары да белексиз калышпайт.