“Кумтөр” Жети-Өгүздүн фермерлерине жардам берүүдө

“Кумтөр” Жети-Өгүздүн фермерлерине жардам берүүдө

Жарыяланган: 10 April 2021

“Кумтор Голд Компани” Жети-Өгүз районун фермерлерине буудай айдап-себүүгө дем берүү боюнча долбоорун ишке ашыруу үчүн 5 миллион сом грант бөлүп берди. Аталган каражатка 170 тонна “Безостая” биринчи репродукциядагы буудайдын күздүк эгин сортунун үрөнү сатылып алынган. Жыйынтыгында үрөндү Жети-Өгүз районунун 19 айылынын 5-10 кишиден турган 34 фермердик топтору алышты. Буудайды кайтарып берүү шарты 1кг-1,5 кг. Мындай айтканда, бир тонна алдыңбы, бир жарым тоннаны кайтарып бересиң. Үрөндөрдү алгандан кийин дыйкандар 570 гектар айдоо жерине эгин себишкен.

– Биздин региондо 70 % калк айыл чарба менен алектенет. Азыркы мезгилге чейин бизде буудай аз себилип келген. Былтыр азык-түлүктүн коопсуздук маселеси келип чыгып, 1 кап ундун баасы эки миң сомду чапчыганда, буудайды айдап-себүүгө кызыкчылык көбөйдү. Пандемия элдин баарын буудай себүүгө жапырт мажбурлады десек болот. Долбоордун ишке ашыруучусу, “Регионду өнүктүрүү агенттигинин” коомдук фондунун башкармалыгын төрагасы Талант Жапаров: “Кошуна өлкөлөрдөн азыктарды сатып алгыча, өзүбүз өндүрүп алганыбыз жакшы эмеспи”, – деп оюн ортого салды.

– Биздин фермерлерге “Кумтөрдүн” доолбоору чоң көмөк болду деп ойлойм. Мурда биз “Казакстан-10” буудай сортун айдап жүргөнбүз. Оруп, жыйноодо көп жоготууларга туш болчубуз. “Безостая” сорту кыйла жакшы, – деп эсептейт, долбоордун катышуучусу, Жети-Өгүз районунун Кызыл–Суу айылынын фермери Сыргак Алиев. Сыргак Алиевдин беш кишиден турган тобу, жалпысынан 29 гектар жерди айдашты.

Мындан тышкары, долбоор микрокредит багыты боюнча колдоого ээ болду. 2006–жылы “Кумтөр” тарабынан негизделген “Жети-Өгүз” микрокредит агенттиги программанын катышуучуларына айдап-себүү жана алдыдагы жыйноо иштерине байланыштуу солярка, жер семирткичтерди жана башка керектүү материалдарды сатып алууга жылдык 10% үстөк насыяларын берүүдө. Буга мисал катары, бир фермердик топ 8,6 тонна үрөн жана 176 миң сом акча каражатын карызга алганын айтсак болот.

Бул долбоорду ишке ашыруу азык-түлүк коопсуздугу маселесин чечүүдөн башка, экономикалык натыйжа да алып келиши керек.

– “Кумтөр” жергиликтүү фермерлерге колдоо көрсөтүп, буудайдын сапаттуу үрөнүн алып берүүнү чечти. Күзүндө бир жарым миң тоннага жакын түшүм алууну болжоп жатабыз. Бул – районду өзүбүздүн азык-түлүк менен камсыздоо боюнча жаңы кадам. Дыйкандар кийинки жылга өздөрүн үрөн менен камсыздай алышат жана кошумча киреше да таба алышат – деп белгиледи, “Кумтор Голд Компани” компаниясынын аймактык өкүлү Кенешбек Дуйшембиев.