“Кумтөр” Бишкек шаарынын Биринчи май районунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарына жардам берди

“Кумтөр” Бишкек шаарынын Биринчи май районунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарына жардам берди

Жарыяланган: 30 November 2021

“Кумтөр Голд Компани” ЖАКка тышкы башкаруу киргизилгенден кийин, Компания бүтүндөй өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырууга киришти, ал эми кайрымдуулук жардам көрсөтүү мындан ары бир регион менен гана чектелбейт.

“Бишкек шаарынын Биринчи май районунун майыптар коому” коомдук бирикмесинин өтүнүчүнө жооп кайтарып, КГКнын демөөрчүлүк жана кайрымдуулук жардамдары боюнча комитети борбордун ушул районунда жашаган мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам көрсөтүүнү жактырды. Өкмөттүк эмес уюм тараптан берилген тизмеге ылайык Компания гигиеналык каражаттарды, басып жүрүү үчүн шаймандар жана атайын отургуч-коляскалар сыяктуу керектүү буюмдарды сатып алды жана өткөрүп берди.

“Баардыгыбыз көрсөтүлгөн жардам үчүн “Кумтөргө” абдан ыраазыбыз. Азыркы учурда биздин коомдо 203 адам, алардын ичинен 43 бала бар. Бул бардык топтогу майыптар жана алардын баары туруктуу колдоого муктаж”, – деди “Бишкек шаарынын Биринчи май районунун майыптар коому” коомдук бирикмесинин төрагасы Анна Аржанова.