«Кумтөр» ишканасы Түп райондук балдар музыкалык мектебинин артисттерине костюмдарды тапшырды

«Кумтөр» ишканасы Түп райондук балдар музыкалык мектебинин артисттерине костюмдарды тапшырды

Жарыяланган: 29 July 2022

2022-жылдын 25-июлунан 28-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен Каракол шаарында “Каракол – улуттардын шериктештигинин маданий борбору” программасынын алкагында «KGtai – Start for Talents 2022» III Эл аралык жаш таланттардын  фестивал-сынагы өттү. Аталган  иш-чарага катышуу үчүн  Сабыр Орозов атындагы Түп балдар музыкалык мектебинин 20 окуучусуна жана 15 мугалимине «Кумтөр» компаниясы тарабынан сахналык кийим сатып алууга каражат бөлүнгөн.

– Биз «Кумтөр Голд Компаниге» артисттерибизге жеке форма сатып алууга жардам берүү өтүнүчү менен кайрылдык. Түп районунун 36 айылынан 115 бала биздин музыкалык мектепте бекер окушат. Компания маселени тез арада чечип берди. Эми ушул саркеч костюмдар менен биз чакыруу түшкөн бардык сынактарга, концерттерге катышабыз. Жаш таланттарды колдогонуңуздар үчүн чоң рахмат, – деп билдирди Түп райондук балдар музыкалык мектебинин жетекчиси Гүлзат Абдыкеримова.

Каракол шаарында өткөн фестиваль-сынакка Кыргызстандан, Орусиядан, Казакстандан жана Өзбекстандан 7 жаштан 16 жашка чейинки жүздөгөн балдар катышты. Түп районунун мектебинин окуучулары вокалдык-аспаптык жанр номинацияларына катышып, ал эми мугалимдер окуучуларына оркестрдин курамында  колдоо көрсөтүштү.

Сынактын калыстар тобу Түп райондук балдар музыкалык мектебинин жамаатынын талантын, сахналык образын жогору баалашты. Түптүктөр  эки айлампадан ийгиликтүү өтүп, финалга чыгышты. Сынактын катышуучусу Нурпери Сапарбекова «Вокал» багыты боюнча 1-даражадагы дипломго, ал эми Адинай Салаватова «Инструментал» багыты боюнча 2-даражадагы дипломго ээ болушту. Фестивалдын жыйынтыгында Түп музыкалык мектебинин командасы Москва шаарына (Россия) дүйнөдөгү улуттук кийимдер сынагына жана Ташкент шаарына (Өзбекстан) «Чыгыш розасы» балдар жана жаштар чыгармачылыгы фестиваль-сынагына катышууга чакыруу алышты.