«Кумтөр» Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусуна дээрлик 308 миллион сом которду

«Кумтөр» Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусуна дээрлик 308 миллион сом которду

Жарыяланган: 14 February 2013

«Кумтөр» Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусуна дээрлик 308 миллион сом которду 2012-жылы Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду «Кумтөрдөн» 307 миллион 981 миң 882 сом алды. Фонд 37 жеке ишкана менен кызматташат, анын 29у Ысык-Көл областында.
Бул жөнүндө «Зарна сервис» ЖЧКсынын директору Азиза Мамбетказиевага шилтеме жасоо менен K-News маалымат агенттиги билдирет.

«Баары эле «Кумтөрдөн» эч кандай пайда жок дешет, бирок биз, ишкерлер, фонд менен кызматташуудабыз жана «Кумтөр» которгон каражаттарга объектилерди куруп жатабыз. Ысык-Көл областында мектептер, спорт залдары, ооруканалар жана башка социалдык объектилер курулган. Өнүктүрүү фондунан улам 2,5 миңден ашуун жергиликтүү жашоочулар ишке ээ болууда», – деп айтты Азиза Мамбетказиева.

Ал 2012-жылы Сары-Камыш айылында мектеп, Саруу айылында мектеп, Чоң-Өрүктү айылында актылар залы, Чоң-Тогузбай айылында фельдшердик-акушердик пункт курулуп бүтүп, эксплуатацияга берилгенин, мындан тышкары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн 19 миллион сомго жабдуулар сатып алынганын белгиледи. Азыр Ак-Суу айылында 45 миллион сомго реабилитациялык борбордун курулушу аягына чыгарылууда.

Азиза Мамбетказиева «Кумтөрдөн» которулган каражаттардан 95 миллион сом билим берүү чөйрөсүнө, 50 миллион 150 миң сом – саламаттыкты сактоого, 12 миллион 79 миң сом – маданиятка, 57 миллион 952 миң сом – спортко жана 91 миллион 97 миң сом – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын өнүктүрүүгө жумшалганын кошумчалады.
«Бул каражаттардан жарандардын эмгек акыларына 104 миллион 713 миң 840 сом бөлүнгөн, 36 миллион 957 миң 826 сом өлчөмүндө кошумча наркка салык төлөнгөн, сатуулардан салыктын көлөмү 6 миллион 159 миң 638 сомду түзгөн, ошондой эле 10 миллион 471 миң 384 сом өлчөмүндө киреше салыгы да төлөнгөн. Жалпысынан мамлекеттик казынага салыктар түрүндө 53 миллион 588 миң 848 сом төлөнгөн, а Социалдык фондго 18 миллион 63 миң 137 сом түшкөн», – деп жыйынтыктады Азиза Мамбетказиева.

Нурзада Тынаева
K-News