«Кумтөр Оперейтинг Компани» Бишкектин мектеп окуучулары арасында билим берүүчү экологиялык акцияны өткөрүүнү колдоду

«Кумтөр Оперейтинг Компани» Бишкектин мектеп окуучулары арасында билим берүүчү экологиялык акцияны өткөрүүнү колдоду

Жарыяланган: 18 December 2012

«Кумтөр Оперейтинг Компани» Бишкектин мектеп окуучулары арасында билим берүүчү экологиялык акцияны өткөрүүнү колдоду 2012-жылдын 15-декабрында Бишкек шаарынын №24 мектеп-гимназиясында «Акмена» коомдук бирикмеси Глобалдык Экологиялык Фонддун Кыргызстандагы Кичи гранттар программасы менен бирдикте Бишкек шаарынын мектеп окуучулары үчүн “Мурдагы биосфералардын изи менен: Кыргызстандын геологиялык өткөнүнө саякат” билим берүүчү экологиялык акциясын өткөрдү.

Борбордогу 8 мектептин залда чогулган окуучуларына Жердин атмосферасына кирген газдар менен кызыктуу химиялык тажрыйбалар көрсөтүлдү. Борбордун №№ 6, 12, 65 жана 24 мектептеринин командалары Бишкек, Ош, Талас, Нарын жана Каракол шаарларынын мисалдарында Жердеги климаттык доорлордун алмашуусу жана эволюция жөнүндө баяндаган театрлаштырылган номерлерди коюшту. Көрүүчүлөр кызыктуу формада бул шаарларды кайсы убакта илгерки океандардын толкундары каптаганы жана аларда эмнелер жашагандыгы, Ысык-Көлдү от чачкан зор вулкандардын тизмеси курчап турган илгерки континенттердин тобунда азыркы Кыргызстандын территориясы кайда жайгашкандыгы жөнүндө билимдерди алышты. Климаттын өзгөрүүсүнүн проблемалары тууралуу маалымдоонун мындай инновациялык ыкмасынан улам мектеп окуучулары климатка азыркы цивилизация кандай таасир эте тургандыгы, планетада климаттык балансты сактоо үчүн эмне жасоо керектиги жөнүндө билишти.

Акциянын аягында ага катышкан бардык командалар иш чаранын уюштуруучуларынан – “Кумтөр Оперейтинг Компаниден”, Борбордук Азиянын Озон борборунан, “Раритет” ЖЧКсынан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинен китептер жана окуу куралдары түрүндө эң сонун белектерди алышты.