«Кумтөр Оперейтинг Компани» студенттик SIFE мелдештерин колдоого алды

«Кумтөр Оперейтинг Компани» студенттик SIFE мелдештерин колдоого алды

Жарыяланган: 30 May 2012

«Кумтөр Оперейтинг Компани» студенттик SIFE мелдештерин колдоого алды  29-майда студенттердин эркин ишмердик – SIFE Кыргызстан 2012 Улуттук Мелдештеринин чемпиондорун салтанаттуу сыйлоо болуп өттү. Жалпысынан SIFE 2012 Улуттук Мелдештерде Бишкектен, Оштон жана Жалал-Абаддан 13 команда катышты.

Кыргызстандын ар түрдүү университеттеринин SIFE командалары чемпиондук наам жана бүткүл дүйнөдөн Улуттук чемпиондор менен катар эле Вашингтондо (АКШ) өтчү SIFE Дүйнөлүк Кубогунда биздин өлкөнүн өкүлү болуу мүмкүнчүлүгү үчүн ат салышты.

Финалдык турда Борбордук Азиядагы Америка Университетинин (БААУ), Бишкек Финансы-Экономикалык Академиясынын (БФЭА), Ош Мамлекеттик Университетинин (ОшМУ) жана Эл аралык Билим берүү Программаларынын Интеграциясы Институтунун (ЭБПИИ) SIFE командалары мелдешти.

Чемпиондук кубокту Жаңы-Пахта айылында жашоонун сапатын жана деңгээлин жакшыртууга багытталган комплекстүү программаны жюринин баалоосуна сунуш кылган SIFE БФЭА командасы алды. Вице-чемпиондукка SIFE ЭБПИИ командасы татыды, ал үч долбоорду сунуштады, алардын бирөөсү текстиль продукциясынын калдыксыз өндүрүшүнө багытталган. ОшМУнун SIFE командасы үчүнчү ардактуу орунду ээлөө менен анда шаардын экологиясын жакшыртууга бизнес концепциялар түздөн-түз колдонулган долбоорлордун бири менен жюринин мүчөлөрүнүн эсинде калды.

Жюринин коллегиясына Кыргызстандагы SIFE компанияларынын жана уюмдарынын 15 өкүлү кирди. «Кумтөр Оперейтинг Компани» иш чаранын бриллиант демөөрчүсү болду. Коллегияга ошондой эле «Кока-Кола Бишкек Боттлерстин», «Мол Булак Финанс» микрокредиттик компаниясынын, «Samsung Electronics» Кыргызстандагы расмий өкүлчүлүгүнүн, «KPMG», РЦТ Лтд., «Азимбаев, Умралиев и Партнеры», «Club Hotel Dostuk», «Silk Road Investment», «Kalikova & Associates» компанияларынын өкүлдөрү да киришти.

SIFE мелдештери студенттерге өздөрүнүн аяктаган, ошондой эле жүзөгө ашырылуу стадиясында турган долбоорлорун жергиликтүү жана эл аралык лидер компаниялардын жетекчилеринен турган жюринин мүчөлөрүнүн баалоосуна берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Мына ошентип студенттер өздөрүнүн ишкер сапаттарын потенциалдуу иш берүүчүлөргө жана бизнес-өнөктөштөргө көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Маалымат үчүн:

SIFE – Students in Free Enterprise – Студенттер Эркин Ишкердикте – бул дүйнөдөгү лидер кроссулуттук, эл аралык Бизнес жана Жогорку билим тармагы. Бизнес жана академиялык лидерлер менен өнөктөштүктө иштөө менен SIFE алар ЖОЖдордо алышкан билимдерди өз өлкөлөрүндөгү реалдуу бизнес жана экономикалык проблемаларды чечүүгө колдонуусу үчүн бүткүл дүйнө боюнча университеттердин студенттерин мобилизациялайт. SIFE студенттери өз университеттеринин алкактарында командаларды түзүшөт жана бизнестин түзүүчүлүк күчүн пайдалануу менен муктаж адамдардын жашоо сапатын жана деңгээлин жакшыртууга багытталган реалдуу долбоорлорду иштеп чыгышат. SIFE командаларынын ишмердүүлүгү кичи бизнестин ээлеринин андан да ийгиликтүү иштөөсү үчүн жардам көрсөтүүдөн баштап жумушсуздарга иш табуу жана өзүн жана үй-бүлөсүн камсыз кылуу үчүн зарыл болгон көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жардам берүүгө чейин камтыйт.

SIFE бүткүл дүйнөдө 57 000ден ашуун студентти активдүү ишмердүүлүккө тартуу менен 39 өлкөнүн 1800дөн ашуун университетин камтыйт. Кыргызстанда SIFE мүчөлөрү болуп 28 университет жана 500дөн ашуун активдүү студент саналат.