«Кумтөр» компаниясы балдар аянтчасын көрктөндүрүүгө каражат бөлдү

«Кумтөр» компаниясы балдар аянтчасын көрктөндүрүүгө каражат бөлдү

Жарыяланган: 11 July 2013

«Кумтөр» компаниясы балдар аянтчасын  көрктөндүрүүгө каражат бөлдү«Кумтөр» Ысык-Көл областынын Балыкчы шаарындагы балдар аянтчасын көрктөндүрүүгө 2 000 доллар бөлдү.

Оюн зонасы Заря аймагындагы ташталып калган бий аянтчасынын ордунда түзүлмөкчү. Шаардын мэриясы ремонтко каражат бөлдү жана территорияны кайтаруу милдеттенмесин алды. Өз кезегинде, “Кумтөр” компаниясы селкинчектерди жана турниктерди сатып алууну финансылады.

Бул долбоордун демилгечиси болгон жана аны жүзөгө ашырып жаткан «Кыргыздар Жаштар Кеңеши» коомдук бирикмесинин өкүлдөрүнүн ишендирүүсү боюнча, аянтча 10 күндөн кийин эле ачылмакчы. Аянтчага кирүү Балыкчы шаарынын жашоочулары жана коноктору үчүн акысыз болмокчу.