«Кумтөр Оперейтинг Компани» жалган маалыматты таратууну токтотууну өтүнөт

«Кумтөр Оперейтинг Компани» жалган маалыматты таратууну токтотууну өтүнөт

Жарыяланган: 24 April 2012

«Кумтөр Оперейтинг Компани» жалган маалыматты таратууну токтотууну өтүнөт

«Ынтымак» жана «Кыргызстан Жаштар Кеңеши» кыймылдарынын өкүлдөрүнүн 2012-жылдын 23-апрелиндеги пресс-конференциясында айтылган «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» айдоочусунун Тоң районундагы жол-транспорт кырсыгына (ЖТК) тиешелүүлүгү жана биздин кызматкердин Бишкекте 2012-жылдын 20-мартындагы ЖТКда күнөөлүү экендиги жөнүндө билдирүүлөрүнө жооп катарында компания төмөнкүлөрдү түшүндүрөт:

• «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» жана анын кызматкерлеринин 2012-жылдын 27-мартында Тоң районунда болуп өткөн окуяга эч кандай тиешеси жок. Бул жол-транспорт кырсыгы «КроссИнк» ЖЧКсына таандык автомобилдин катышуусу менен болуп өткөн. «КроссИнк» ЖЧКсы биздин компания менен подряддык келишимге ээ болсо да Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, «Кумтөр Оперейтинг Компани» үчүнчү жактардын аракети үчүн жооп бербейт. Ушуга байланыштуу ЖТКда жапа чеккендерге компенсация боюнча бардык маселелер «КроссИнктин» жетекчилиги тарабынан чечилүүгө тийиш;
• «Кумтөр Оперейтинг Компаниге» тиешелүү «Форд» автомобилинин катышуусу менен ЖТК чынында эле 2012-жылдын 20-мартында Бишкекте Бөкөнбаев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Бирок, Кыргыз Республикасынын ыйгарымдуу органдары тарабынан жана Бишкек ШИИББ ЖККББ комиссиясы иликтөө жүргүзүлүп БМВнын айдоочусу С.Турганбаев жол кыймылынын эрежесин бузгандыгы так аныкталган, анын натыйжасында компаниянын машинасына зыян келтирилген. Азыркы учурда ЖТКнын күнөөлүүсүнө Жол коопсуздугу башкармалыгынын расмий токтомуна ылайык административдик айып салынган жана ал келтирилген зыяндын ордун толтурууга тийиш. Ушуга байланыштуу С.Турганбаев мырзага биздин компания тарабынан акчалай компенсация маселесин негизсиз деп эсептейбиз.

«Кумтөр Оперейтинг Компани» коомдук бирикмелерден, укук коргоо жана сот органдарынын ролун өзунө албоону, маалыматты бурмалабоону жана коомчулукту адаштырбоону өтө суранат. Компания дайыма Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген нормаларды жана эрежелерди бекем карманат. Коомдук кыймылдардын «бардык мыйзамдуу жана мыйзамсыз чараларды» колдонуу боюнча ультиматумдуу талаптарын компания коркутуп-үркүтүү, компаниянын кызматкерлерине жана мүлкүнө түз коркунуч катары кабыл алат жана укук коргоо органдарына кайрылуу укугун өзүнө калтырат.

Кошумча маалымат үчүн ММКлар менен байланыштар боюнча бөлүмгө кайрылыңыздар