Кумтөр за 2011-жылдын 11 айында өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмүнүн 55%ын камсыз кылды

Кумтөр за 2011-жылдын 11 айында өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмүнүн 55%ын камсыз кылды

Жарыяланган: 13 December 2011

Кумтөр за 2011-жылдын 11 айында өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмүнүн 55%ын камсыз кылды

2011-жылдын январь-ноябрында Кыргызстанда өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 24,1%га көбөйдү. Ошону менен катар эле учурда Кумтөр кенин иштетип жаткан ишканалар Кыргызстандын өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүнүн 55%ын камсыз кылышты. Мындай маалыматтарды бүгүн Улуттук статистика комитети жарыялады.

Ведомствонун маалыматтары боюнча, жалпысынан отчеттук мезгилде республикада 147 млрд. 64,2 млн. сомго өнөр жай продукциясы (иштерди жана кызматтарды эсепке алганда) өндүрүлгөн. Кумтөр кенин иштетип жаткан ишканаларды эсепке албаганда өндүрүштүн көлөмү 66 млрд. 180,9 млн. сомду түзмөк.
“Доре уютмасын чыгаруунун кыскаруусу менен байланышкан, 2010-жылдын январь-ноябры менен салыштырмалуу өнөр жайдын өсүү темптеринин бир аз – 20,8%га төмөндөөсүнө карабастан, 2011-жылдын ноябрында 2010-жылдын ноябрына салыштырмалуу өнөр жай көлөмдөрүнүн өсүшү сакталып кала берүүдө.
2011-жылдын январь-ноябрында өнөр жай продукциясынын көлөмдөрүнүн өсүшү машиналарды жана жабдууларды чыгаруунун 1,8 эсе көбөйүшү, атайын багыттагы продукцияны чыгаруунун – 2,7 эсеге, текстиль жана кийим тигүү өндүрүшүнүн – 1,5 эсеге, башка металл эмес минералдык продуктылардын өндүрүшүнүн – 24,9%га, ошондой эле электр энергиясын, газды жана сууну өндүрүүнүн жана бөлүштүрүүнүн – 20,9%га өсүшү менен шартталган.

Текстиль жана тигүү өндүрүшүндөгү көлөмдөрдүн өсүшү “Жеңилөнөржай” ассоциациясына киришкен ишканалар тарабынан машина же кол менен токулуучу сырт кийимдердин, трикотаж ич кийимдердин, свитерлердин, жемперлердин, пуловерлердин жана башка трикотаж буюмдарын өндүрүүнүн олуттуу көбөйүшүнүн эсебинен болгон.

2010-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу башка металл эмес минералдык продуктылардын өндүрүшүндө отко чыдамдуу курулуш кирпичтерин чыгаруу – 38,9%га, цементти чыгаруу – 34%га, гофрирленген шиферди чыгаруу – 10,3%га көбөйгөн.
Электр энергиясын, газды жана сууну өндүрүүнүн өсүшү электр энергиясын иштеп чыгаруунун 25%га көбөйүүсү менен камсыз кылынган.

Дмитрий Денисенко
“Вечерний Бишкек”