«Кумтɵрдүн» куткаруучулары республикалык тоо-кен куткаруу командалар мелдешине катышты

«Кумтɵрдүн» куткаруучулары республикалык тоо-кен куткаруу командалар мелдешине катышты

Жарыяланган: 18 October 2016

2016-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Ɵзгɵчɵ кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоо борборундагы полигондо тоо-кен куткаруу иши боюнча республикалык ар жылдык 16-мелдеш ɵттү. Тоо-кен куткаруу иши боюнча мелдеш Ɵзгɵчɵ кырдаалдар министрлиги тарабынан «Кумтɵр Голд Компанинин» колдоосунда жана катышуусунда жылыга ɵткɵрүлɵт.

Быйыл жер титирɵɵнү, химиялык авариянын кесепеттерин жоюуну жана бийик имараттан жабырлануучуларды куткарууну камтыган, ар түрдүү ɵзгɵчɵ кырдаалдарда аракеттенүү жɵндɵмү менен кɵндүмдɵрүн беш команда: «Кыргызалтын» ААКынын командасы, КР ƟКМкесипкɵй куткаруучулар командасы жана «Кумтɵр» компаниясынан үч команда – «Кумтɵр-1», «Кумтɵр-3» жана «Балыкчы КГК» кɵрсɵтүштү.

Биринчи орунду ƟКМдин куткаруучулар командасы жеңди. Экинчи орун – «Кумтɵр-1» командасында, үчүнчү орун – компаниянын Балыкчыдагы ɵткɵɵл базасынын куткаруучулар командасында болду. Мелдештин жыйынтыктары боюнча жеӊүүчү командалар эстелик кубоктор жана вымпелдер менен сыйланып, бардык катышуучулар эстелик белектерди алышты.

«Кумтɵрдүн» куткаруучулары дагы бир жолу ɵздɵрүн жогорку квалификациясы менен дайым жардамга келүүгɵ даяр адистер экенин ийгиликтүү кɵрсɵтүштү. Эске салак, «Кумтɵр Голд Компанинин» тоо-кен куткаруучуларынын үч командасы теӊ ыктыярчылардан куралган, алар «Кумтɵр» кен ишканасында тренингдерден жана даярдыктан дайыма ɵтүп турушат, ошондой эле куткаруучулардын мамлекеттик үлгүдɵгү күбɵлүктɵрүнɵ жана сертификаттарына ээ.

savers_competition