«Кумтөр» кендин кызматкерлери ар түрдүү өрт кырсыгы менен күйүктөн жабыркаган балдарга жардам көрсөтүштү

«Кумтөр» кендин кызматкерлери ар түрдүү өрт кырсыгы менен күйүктөн жабыркаган балдарга жардам көрсөтүштү

Жарыяланган: 15 December 2017

«Кумтөр» кендин кызматкерлери өрт кырсыгынан жана күйүктөн жабыркаган аз камсыз үй-бүлөлөрдөн балдарга профессор М.Матеевдин ооруканасында медициналык тейлөөнү бекер алуу түрүндө жардам кылышты. Акция «Кумтөрдүн Элчилери» корпоративдик ыктыярчылардын программасы алкагында өткөрүлгөн жана Кыргызстандын ар кайсы өрөөндөрү менен райондорунда жашаган 16 жашка чейинки 9 баланын операциясына кумтөрчүлөр өз күчү менен каражат чогултушкан.

Жашы жете элек балдардагы тырыкты оңдоо жана калыбына келтирүү үчүн жасалган татаал операциялар өрттөн жабыркагандарга басууга, жазууга, ойноп өнүгүүгө, жана бактылуу чоңоюууга мүмкүнчүлүк кайрып берди. Алыскы райондордо жашаган бардык эле ата-энелердин балдарына ушул сыяктуу операцияны төлөөгө мүмкүнчүлүгү боло берейт. Кичинекей кыргызстандыктардын дагы көбүрөк санына жардам берүү үчүн, кумтөрчүлөр кошумча каражат чогултушту. Операцияны медициналык илимдин доктору, профессор Муса Матеев жасады. Белгилей кетсек, ал бул чөйрөдөгү өлкөдө гана эмес, дүйнө жүзү боюнча жогорку квалификациядагы хирург, жана бардык балдар эң мыкты медициналык жардам алышты.

Калыбына келтирүү боюнча өткөрүлгөн ийгиликтүү операциялардан кийин ыраазычылыкн билдирүү үчүн балдар менен алардын ата-энелери «Кумтөрдүн Элчилери» менен профессор Матеевдин клиникасында жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда ар бир бала компания кызматкерлеринен жаңы жылдык таттуларды жана белектерди алды.
«Балдар эми ден-соолуктары чың болуп, ойноп-күлүп, толук кандуу жашап чоңоюшарына үмүттөнөбүз. «Кумтөрдүн Элчилери» программанын алкагында, биз ден-соолуктан муктаждарга гана жардам бербестен, балдар жана өспүрүмдөр үчүн спорттук иш-чараларды уюштурабыз, Ысык-Көл тегерегиндеги жээкти да тазалайбыз. Биз мунун баарын өз каалообуз жана чын жүрөктөн жасайбыз, жана балдар ийгиликтүү жана кайрымдуу болуп чоңоюшуп, жакшылыктын чынжырын үзбөй улантат деген үмүтүбүз бар”- деп, жолугушууда инфраструктура жана долбоорлор бөлүм менеджери Джафар Гаджиев айтты.