«Кумтөр» компаниясынын Балыкчы шаарындагы маалымат бюросу эми жаңы даректе жайгашкан

«Кумтөр» компаниясынын Балыкчы шаарындагы маалымат бюросу эми жаңы даректе жайгашкан

Жарыяланган: 30 October 2013

«Кумтөр» компаниясынын Балыкчыдагы маалымат бюросу орун которду жана эми Фрунзе көч. 372 А дарегинде жайгашкан. Жаңы имаратта маалымат бюросу менен катар эле «Балыкчы финанс» микрокредиттик компаниясынын офиси, ошондой эле «АВЕП» өнөктөштүк уюмунун жетекчилиги астында иштеп жаткан туристтик борбор да бар.

Компаниянын маалымат бюросу узак жылдар бою бош турган эски дүкөндүн имаратына жайгаштырылды. Ал ремонттолуп, техника жана зарыл эмерек менен жабдылды.

«Мурда биздин маалымат бюробуз Балыкчы өткөөл базасынын территориясында болчу. Бул адамдарга анча ыңгайлуу болбогон, анткени шаарды кыдырып өтүүгө туура келчү. Биз эми аны бул жакка көчүрдүк жана биздин ишибиз жөнүндө маалымат көп адамдар үчүн жеткиликтүү болуп калат деп үмүттөнөбүз», – деп белгиледи «Кумтөр» компаниясынын туруктуу өнүктүрүү боюнча директору Дуглас Гриер. Ал борбордун базасында областтын жашоочулары үчүн бизнес-пландаштыруу боюнча тренингдер жана компаниянын кызматкерлери үчүн ар кандай окутуучу семинарлар өтө тургандыгын да билдирди.

Дээрлик эки жылдан бери иштеп жана жергиликтүү калкка кичи жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген насыяларды берип келе жаткан «Балыкчы Финанс» микрокредиттик уюмунун офиси да кеңейтүүгө муктаж болчу. Компаниянын салымдарынан улам кардарлар эми жаңы офиске тез жете алышат, ал шаардын башкы көчөлөрүнүн биринде ыңгайлуу жайгашкан.

«Кумтөр» компаниясынын Маалымат бюросунун кызматкерлери менен төмөнкү телефон боюнча байланышууга болот: 0 (775) 971201