«Кумтөр» мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга жардам берүүдө

«Кумтөр» мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга жардам берүүдө

Жарыяланган: 13 December 2021

Чүй, Ысык-Көл областтарында жана Бишкек шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар «Кумтөр Голд Компани» ЖАКу атынан 4783 тамак-аш топтомдору жана 259 жылуу плед түрүндө жардам алышат.

Дүйнөлүк майыптар күнүнө карата, «Кумтөрдүн» дарегине спонсордук жардам көрсөтүү жөнүндө 20-дан ашуун кайрулуу келип түшкөн. 150 плед муктаж болгондорго 3-дакабрь күнү болуп өткөн салтанаттуу иш-чара учурунда тапшырылып, ошол эле күнү 109 плед дагы Аламүдүндөгү сокурлар жана дүлөйлөр коомуна тапшырылган. Тамак-аш топтомдору болсо, өлкө боюнча өткөрүлүп жаткан ден-соолугу жагынан мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды колдоого арналган «Биз биргебиз» аттуу мээримдүүлүк айы учурунда алуучуларга таратылат.

“Бүгүнкү күндө, «Кумтөр» жардамга муктаж болгондорго системалык түрдө колдоо көрсөтүүдө. Чынында элдик болуп калган ишканалардан пайда жана жардам алып жатканын эл көрүп жатат», – деп КРнын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев баса белгиледи.