Конкино айыл тургундары «Кумтөр» компаниясынын колдоосунда таза ичүүчү сууга жетти

Конкино айыл тургундары «Кумтөр» компаниясынын колдоосунда таза ичүүчү сууга жетти

Жарыяланган: 27 July 2018

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Конкино айылында таза ичүүчү суу жеткиликтүү болду.

Суу менен камсыздоо долбоору «Кумтөр Голд Компани» ЖАКы (КГК), Ысык-Көл облусун өнүктүрүү Фонду, жергиликтүү бийлик жана айыл жашоочуларынан колдоо тапты. «Кумтөр» компаниясы долбоорду ишке ашырууга 5 млн 498 миң сом бөлүп берүү менен башкы демөөрчүсү болду.
Долбоордун алкагында «Ысык-Көл Курулуш» подряддык компаниясы скважина казуу, жабдыктарды камсыздоо, объектиден айылга жана көпүрөгө чейин жол куруу, объектти кашаа менен тозуу, жарык киргизүү, курулуш иштерин жүргүзүп, 8 ай иштеди. Жергиликтүү бийликтин кошумчасы 200 миң сомду түздү. Жергиликтүү тургундар 350 миң сомдой колдоо көрсөтө алышты. Ысык-Көл облусун өнүктүрүү Фонду дагы эки миллион сом бөлүп берүү менен долбоорду ишке ашырууга өз салымын кошту.

Долбоор бардык үй чарбачылыктары менен 700гө чукул айылдыкты ичүүчү суу менен камсыздады. Буга чейин, 2017-жылы компания ушу сыяктуу долбоорду Барскоон айылында да колдоп, 10 миң адамды ичүүчү таза суу менен камсыздаган.
«Биздин айылда ичүүчү суу маселеси курч турган. Мынчалык ири масштабдуу иштерди жүргүзүү үчүн жергиликтүү бюджетте каражат каралган эмес, бирок, «Кумтөр» менен жергиликтүү жашоочулардын аркасында биздин кыялыбызды орундатуу мүмкүн болду. Иштин жүрүшүндөгү бардык процесстерде колдоо көрсөткөндүгү үчүн биз ишканага абдан ыраазыбыз», – деп, айылдык кеңештин депутаты Турганбек Шерипов белгиледи.