«Кумтөр» компаниясы көлдүктөргө жаңы технология боюнча как өндүрүүгө жардам берет

«Кумтөр» компаниясы көлдүктөргө жаңы технология боюнча как өндүрүүгө жардам берет

Жарыяланган: 21 August 2014

Көлдүк фермерлер «Кумтөр Голд Компанинин» сынамык долбоорунун алкактарында инновациялык жабдууну пайдалануу менен кактарды өндүрүүгө окутулмакчы. Демилге жергиликтүү жаштар уюмдарынын жана жамааттардын көмөгү менен жүзөгө ашырылууда.

Кактарды өндүрүү технологиясы Швейцариялык адистер тарабынан иштелип чыккан. Кургатуу камералары үчүн база болуп 20 тонналык контейнерлер кызмат кылат, аларда зарыл жабдуу орнотулгандан кийин мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн, дары чөптөрдү, ошондой эле этти да кайра иштетүүгө болот. Система толук автономдуу. Жабдуунун ишинин маңызы контейнердин ичиндеги аба күн кабылдагычтын эсебинен жылытылгандыгында, а абанын циркуляциясы фотоэлектр панелдеринен иштөөчү желдеткичтер менен камсыздалгандыгында турат.

Долбоор менен мындай 6 кургатуучу камераны орнотуу каралган. Алардын үчөөсү Тоң жана Жети-Өгүз райондорунун айылдарында орнотулган. Мында Жети-Өгүз районунун Ак-Терек жана Кызыл-Суу айылдарында кургаткычтар жергиликтүү жамааттардын балансына, а Тоң районунун Кара-Талаа айылында – муниципалдык ишканага берилген. Жеткирүүнү, кошууну жана орнотууну кошо алганда, бир кайра жабдылган контейнердин наркы 450 миңдей сомду түзөт.

«Кумтөр» компаниясы бул долбоорду өзүнүн Ысык-Көл областын туруктуу өнүктүрүү боюнча стратегиялык программасынын алкактарында жүзөгө ашырууда. Биз үчүн жергиликтүү экономиканын өнүгүшүнө салым кошуу жана калктын ишке орношуусуна көмөктөшүү өтө маанилүү. Областта мөмө-жемиштер өтө көп, бирок алар анча чоң эмес масштабдарда кайра иштетилет, аны менен нарктын өсүшү жүрбөйт. Биз региондун фермерлеринин жеткиликтүү сырьедон кошумча киреше алуусун каалайбыз», – деп белгиледи «Кумтөр Голд Компанинин» туруктуу өнүктүрүү боюнча директору Дуглас Гриер.