«Кумтɵр» Ысык-Кɵлдүн энергетиктерине Тосор жана Барскоон капчыгайларындагы жетүүгɵ кыйын объектилерде жардам берди

«Кумтɵр» Ысык-Кɵлдүн энергетиктерине Тосор жана Барскоон капчыгайларындагы жетүүгɵ кыйын объектилерде жардам берди

Жарыяланган: 22 April 2016

2016-жылдын 20-21-апрелинде «Кумтɵр» компаниясынын кен ишкананы тейлɵɵ жана атайын долбоорлор бөлүмү менен жер иштери бɵлүмү биргеликте «Кыргызстандын улуттук электр станциялары» ААКынын Ысык-Кɵл жогорку вольттуу электр тармактары ишканасынын (ЫЖЭТИ) кезектеги ɵтүнүчүн орундатып, Тосор жана Барскоон капчыгайларындагы жетүүгɵ кыйын объектилерде бир катар иштерди аткарышты.

Тосор капчыгайында ВЛ-220 кВ таяныч мамысы астында суу жеп кеткен жерде жана суу кайрадан таянычка жана жолго көтөрүлбөсү үчүн жээктер бекемделди. Андан тышкары, жергиликтүү жашоочулардын ɵтүнүчү боюнча техникалык жолдун ɵткɵн кышта катуу жабыркаган 400 метри тазаланып, түзөлдү. Эми малчылар жайлоого жада калса жеӊил автомашиналар менен да оӊой жете алышат.

Баркоон капчыгайында дарыянын артындагы ВЛ-110 кВ «Тамга-Кумтɵр» линиясын бойлогон эски техникалык жол калыбына келтирилди жана ЫЖЭТИ адистеринин тейлɵɵсү жана техникасынын ɵтүшү үчүн 5 таяныч мамыга алпарган жол салынды. Бул жетүүгɵ кыйын тилке Барскоон дарыясы аркылуу ɵтɵт, анда кандайдыр-бир иштерди жүргүзүү жазында суу кире электе гана мүмкүн. Эми ЫЖЭТИ атайын транспорту дарыядан ɵтүп таяныч мамыларына оӊой жете алат.

ЫЖЭТИ жетекчилиги кɵрсɵткɵн жардамы үчүн «Кумтɵр» кен ишканасынын тейлɵɵ жана атайын долбоорлор бɵлүмү кызматкерлери менен жер иштери бɵлүмүнүн жамаатына ыраазычылык билдиришти.