«Кумтɵр Голд Компани» Каракол шаарындагы Облустук үй-бүлɵлүк медицина борборуна медициналык жабдуу тапшырды

«Кумтɵр Голд Компани» Каракол шаарындагы Облустук үй-бүлɵлүк медицина борборуна медициналык жабдуу тапшырды

Жарыяланган: 16 March 2016

2016-жылдын 10-мартында “Кумтɵр” компаниясынын медициналык бɵлүмүнүн ɵкүлдɵрү Каракол шаарындагы Облустук үй-бүлɵлүк медицина борборуна ультра добуштук диагностика үчүн америкалык ɵндүрүштɵгү санарип аппарат жана кɵп функциялуу бейтаптын керебетин тапшырышты.

Жабдыктарды кайрымдуулук катарында берүү чечими ОҮМБдан ɵткɵн жылдын декабрында келген УДИ аспабын алууга кɵмɵктɵшүү ɵтүнүчүнɵн улам “Кумтɵр Голд Компанинин” Демɵɵрчүлүк жардам боюнча комитети тарабынан кабыл алынган. Ал учурда мекемеде ушундай бир гана аппарат иштеп жаткан.

“Кумтɵр” компаниясы кɵп жылдардан бери Каракол шаарындагы ОҮМБ менен тыгыз кызматташып, ал мекемеден алтын ɵндүрүүчү компаниянын кызматкерлери туруктуу медициналык изилдɵɵдɵн ɵтөрүн эске сала кетсек.

«Биздин ɵтүнүчүбүздү аткарган “Кумтɵр” компаниясына чоӊ рахмат. Каракол шаарындагы ОҮМБ аймактын 40 миӊдей жашоочусун тейлейт жана эми бизде алда канча тез жана натыйжалуу иштɵɵ мүмкүнчүлүгү жаралды», – деп Ысык-Кɵл облусунун саламаттыкты сактоо системасынын координатору Эсенбек Сатылканов ыраазычылыгын билдирди.

«Кумтɵр Голд Компанинин» Медициналык бɵлүмүнүн менеджери Анара Дɵɵлɵтова «Кумтɵр» компаниясы ОҮМБга, ошондой эле облусттун райондук медициналык мекемелерине да колдоо кɵрсɵтүү улантыларын белгиледи.