«Кумтөр Голд Компани» «Жайлоодогу бала бакча» долбооруна колдоо көрсөттү

«Кумтөр Голд Компани» «Жайлоодогу бала бакча» долбооруна колдоо көрсөттү

Жарыяланган: 07 July 2015

Өткөн жекшембиде «Кумтөр Голд Компани» Ысык-Көл облсунун Тоң жана Жети-Өгүз аймактарындагы жайлоолордогу бала бакчаларга кеңсе буюмдары менен китептерди тапшырды.

«Кумтөр» менен «Роза Отунбаеванын демилгелери» Эл аралык коомдук фондунун өкүлдөрү Жети-Өгүздөгү Чоң Кызыл Суу айылындагы бала бакчага бардык керектүү буюмдарды тапшырып келишти.

«Жайлоодогу бала бакча» долбоору жайлоодогу малчылардын балдарын мектепке камдоого шарт түзөт. Мугалимдер күнүгө үч сааттан эсеп жана тил өнөрү сыяктуу балдардын сабаттулугун арттыруучу жөндөмдөргө окутушат.

Долбоор билим алууга бирдей шарттарды жеткиликтүү кылууну көздөйт. «Жайлоодогу бала бакча» алыс жайгашкан, бийик тоолуу аймактардагы жайлоолорго багытталган. Мобилдик бала бакчалар бой үйлөрдө уюштурулуп, мектепке чейинки жаш курактагы балдарга негизги билим берүүгө керектүү бардык керектүү нерселер менен жабдылган. Электр жарыгы, оюн аянтчалары, китеп, оюнчук, копмьютер жана борборлоштурулган окутуу жайлар менен кесипкөй мугалимдердин жоктугунан, алыскы жайлоолордогу бала бакчаларга мектеп курагындагы балдар да барып жатышат. Быйыл долбоор аймагын кеңейтип, «Балдарды өнүктүрүү борборлору» деңгээлине өттү.