«Кумтөр Голд Компани» Ысык-көл облусунун өрөөндүк транспорттук каражаттарды каттоо Департаментине окуу жабдууларын тапшырды

«Кумтөр Голд Компани» Ысык-көл облусунун өрөөндүк транспорттук каражаттарды каттоо Департаментине окуу жабдууларын тапшырды

Жарыяланган: 23 November 2017

2017-жылдын 13-ноябрында, Балыкчы өткөөл базасынын персоналды өнүктүрүү жана административдик суроолор боюнча бөлүмү менен туруктуу өнүктүрүү бөлүмүнүн өкүлдөрү, Компаниянын атынан өрөөндүк транспорттук каражаттарды каттоо Департаменти менен, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу, мамлекеттик каттоо кызматынын айдоочулук курамына окуу жабдууларын тапшырды.
Мындан мурдаарак бул Департамент, Компанияга бөлмөлөрдү жабдууга жана курсанттарды унаа айдоо тажрыйбасына үйрөтүүгө керек жабдыктарды сатып алууга көмөктөшүүгө сураныч менен кайрылган. Компания бул суроо-талапты колдоп, EF-3 автоунаалык симулятор менен окуу парталарын алып берди. Симулятор реалдуу жол кыймылындагы коркунучка дуушар болбостон, айдоочулук көндүмдөргө үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Жогорку сапаттуу графика түркүн жол кырдаалдарын жаратып, автоунаа каражатын башкарууга машыктырат. Мобилдүү симулятор, жаңы айдоочулардын көндүрүм айдоочулугун жакшыртуусу үчүн жана жол-транспорт кырсыктарынын санынын азайтуу үчүн, баардык облус боюнча колдонула баштайт.

«Автоунаалык симулятор, Ысык-Көл облусундагы айдоочу кадрлырды сапаттуу даярдоону камсыздайт. Жолдогу коопсуздукта өлкөбүздүн ар бир жараны жоопкерчиликтүү болуусу зарыл жана «Кумтөр» компаниясы биздин көз-карашыбызды колдоп жаткандыгына кубанычтабыз. Жыл сайын Департамент 2900 чамасында адамды окутат жана 480 айдоочуну кайра даярдайт, башкача айтканда, алардын айдоочулук категориясыгын жогорулатат жана жалпысынан Ысык-көл облусунун 3400 жашоочусун окутуу жана кайра даярдоо өткөрүлөт. Жаңы симуляторду колдонуу окутуу процессине жаңы заманбап компонент берет жана бул биздин жарандарды окутуу сапатын жакшыртмакчы. Кийинкиде биз бул симуляторду, биздин Департаментке караштуу болгон сапаттуу даярдакка муктаж болгон айдоочулук боюнча мектептерге берип жиберүүнү пландаштырып жатабыз»,-деп белгиледи Ысык-көлдүн өрөөндүк РЭО Балыкчы РЭП инин башкармасы Кубан Акимканов