«Кумтɵр Голд Компанинин» техникалык колдоосунда Бишкектеги короодо калдыктарды бɵлүп жыйноо киргизилди

«Кумтɵр Голд Компанинин» техникалык колдоосунда Бишкектеги короодо калдыктарды бɵлүп жыйноо киргизилди

Жарыяланган: 21 July 2017

Борбордун «Жал» кичи районундагы короолордун биринде жашоочулар калдыктарды бɵлүп жыйноону ийгиликтүү өздөштүрдү. Бул АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин чакан гранттар программасынын каржылоосу жана «Кумтɵр Голд Компани» техникалык жардамы менен «Инон» коомдук фонду тарабынан жүзɵгɵ ашырылып жаткан калдыктарды бɵлүп жыйноо боюнча «Үч чака / Три ведра» долбоорунун алкагында мүмкүн болду.

Короонун жашоочулары эми калдыктарды тɵрт категорияга – пластик, макулатура, коркунучтуу жана тамак-аш калдыктары кылып бɵлүшɵт. Пластик жана макулатура жергиликтүү кайра иштетүүчү ишканаларга тапшырылат. Коркунучтуу калдыктарды ɵзүнчɵ идишке топтошот. Бардык тамак-аш калдыктары ар күнү жабдууга жɵнɵтүлɵт, ал 5 күн аралыгында компост (жер семирткич) ɵндүрɵт. Жабдуу толук герметикалык жана жагымсыз жыт чыгарбайт. Компост короонун территориясын жашылдандыруу үчүн пайдаланылат.

Калдыктарды кайра иштетүү жана компост алуу боюнча система жашоочуларды калдыктарды тɵрт категорияга туура сорттоону үйрɵнүүгɵ мүмкүндүк берди. Эӊ маанилүүсү – бул калдыктар тɵгүлүүчү жайга жɵнɵтүлүүчү калдыктардын кɵлɵмүн азайтууга жана аны менен курчап турган чɵйрɵнү коргоого салым кошууга мүмкүндүк берет.

Ыктыярдуулардын жардамы менен короонун балдары үчүн экологиялык мектеп уюштурулган. Алтын ɵндүрүүчү компаниянын колдоосунда жашоочулар шаардык калдыктар тɵгүлүүчү жайда болуу, ошондой эле жергиликтүү ишканада калдыктарды кайра иштетүү процесси менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн алышты, ал ишкана да «Кумтɵр» менен иштешет жана кен ишканасынан калдыктардын бир бɵлүгүн кайра иштетет. Балдарда англис тилин билүүсүн жакшыртуу, актердук чеберчиликтин кɵндүмдɵрүнɵ үйрɵнүү, ошондой эле кайталанган сырьедон ар кандай буюмдарды жасоону ɵздɵштүрүү мүмкүнчүлүгү болду.

Долбоордун кичинекей катышуучуларына белек катарында КГКнын ɵкүлү бизиборддорду – мектеп курагына чейинки балдар үчүн ɵнүктүрүүчү тактайчаларды алып келди. «Мен Бишкекте экологиялык багыттарды колдогон жана балдарды экологиялык тарбиялоо менен алектенген мындай жамааттар бар экенине абдан кубанычтамын. Мен бул долбоор жɵнүндɵ билүү менен таӊ калдым жана болочокто маанилүү ишти уланткан дагы кɵптɵгɵн жамааттар пайда болот деп үмүттɵнɵм. Экологиябыз жана жаратылышыбыз жɵнүндɵ ойлонгонуӊар үчүн силерге рахмат», – деп белгиледи «Кумтɵрдүн» экологиялык долбоорлор боюнча менеджери Ольга Медоева.