«Кумтɵр» компаниясы Жети-Ɵгүз жана Тоӊ райондорунун ирригациялык инфраструктурасын реабилитациялоодо

«Кумтɵр» компаниясы Жети-Ɵгүз жана Тоӊ райондорунун ирригациялык инфраструктурасын реабилитациялоодо

Жарыяланган: 06 April 2016

Жети-Ɵгүз жана Тоӊ райондорунда эки суткалык жɵнгɵ салуу бассейни (СЖБ), суу сактагыч, суу топтогуч жана сегиз канал «Кумтɵр» компаниясынын колдоосу менен сугат иштери башталар алдында тазаланды. 2016-жылдын 12 объектидеги кыртыш иштеринин жалпы бюджети 14 миллионго жакын сомду түздү.

Бул «Кумтɵр» компаниясынын аймактагы айыл-чарбалык ирригациялык инфраструктураны калыбына келтирүү жана реабилитациялоо долбоорлорунун биринчиси эмес. Ɵткɵн эле жылы «Кумтɵрдүн» колдоосу менен тɵрт СЖБ жана суу сактагыч тазаланган. Суу резервуарларын жана каналдарды механикалык тазалоо боюнча кыртыш иштерин жергиликтүү подряддык уюмдар аткарат, ишке тартылган оор техника болсо «Кумтɵр» кенинен алып келинет.

Тоӊ районунун бийлиги жана облустун өкүлдөрү Тɵрт-Күл айылындагы ири суу сактагычты тазалоону быйыл да улантууну чечип, компания аларга жардамга келди. Тоӊдук аграрийлердин айтуусу боюнча, бул суу сактагычты тазалоону улантуу райондун эӊ кургак бɵлүгүн сугат суу менен камсыздоодогу эӊ оптималдуу чечим. Суу сактагыч 3,743 га жерди сугарууга эсептелген. Быйылкы иштердин жүрүшүндө 125,000 куб метр тунган ылай тазаланды. Жергиликтүү бийлик жана суу сактагычты пайдаланган айылдардын ɵкүлдɵрү менен макулдашууга ылайык, тазалоо иштери 2017-жылы да улантылмакчы.

Жети-Ɵгүз районунда СЖБлар Аң-Ɵстɵн жана Ырдык айылдарында тазаланды, ошондой эле Тосор, Ак-Дɵбɵ, Ырдык, Липенка жана Кызыл-Суу айылдарында каналдар калыбына келтирилди. Иш учурунда эки СЖБдан 35 000 куб метр балыр жана ылай тазаланды. Тазаланган сугат каналдардын узундугу 33,370 метрди түздү.

«Биздин компания үчүн айыл чарбасына инвестициялоо Ысык-Кɵл облусун колдоодогу приоритеттүү багыттарынын бири, себеби жашоочулардын кɵпчүлүгү агрардык чɵйрɵдɵ алектенет. Биргелешкен аракеттер менен жергиликтүү фермерлерди сугат суусу мене камсыздоого кубанычтабыз», – деп белгиледи «Кумтɵр Голд Компанинин» туруктуу ɵнүктүрүү боюнча директору Актилек Тунгатаров.