«Кумтөр Голд Компанинин» иштөөчүлөрү Кыргыз Республикасынын тоо-кенчилер жана металлургдар профсоюзунун спартакиадасына катышты

«Кумтөр Голд Компанинин» иштөөчүлөрү Кыргыз Республикасынын тоо-кенчилер жана металлургдар профсоюзунун спартакиадасына катышты

Жарыяланган: 29 September 2014

2014-жылдын 25 – 28-сентябрында Ысык-Көл областынын Бозтери айылында КРнын тоо-кенчилер жана металлургдар профсоюзунун биринчи спартакиадасы болуп өттү. Спорттук мелдештер профсоюздун 30 жылдыгына жана Металлисттердин эл аралык евразиялык профсоюздарынын 20 жылдыгына арналган.

Спартакиаданын алкактарында мини-футбол, волейбол, аркан тартыш, чуркоо, гиря спорту, стол тенниси, сууда сүзүү, бильярд жана шахмат боюнча мелдештер өттү. Ага катышуу үчүн Ысык-Көлгө тоо-кен металлургия, геология, көмүр жана аралаш тармактардын ишканаларынан, ошондой эле мамлекеттик жана билим берүү мекемелеринен 23 команда жана 389 спортчу келди.

“Кумтөрдүн” командасы мелдештердин бардык түрүнө катышты. Сууда сүзүү боюнча аялдар командасы биринчи, эркектер командасы – экинчи орунду ээледи. Волейбол боюнча эки команда тең үчүнчү орунга чыкты. Аялдар командасы теннис боюнча жеңүүчүлөрдүн бешилтигине кирди. 1000 метрге чуркоодо “Кумтөрдүн” эркектер командасы да лидерлердин бешилтигине кирди. Катышуучулар медаль, диплом жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Биз “КГКнын” иштөөчүлөрүнө катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз жана командаларыбызды жеңиши менен куттуктайбыз!